КР Министрлер Кабинетинин 29.05.23 ж. №281 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109–115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө”токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 111, 255, 256 жана 420-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жободо:

- төмөнкүдөй мазмундагы 132-пункт менен толукталсын:

“132. Ишкердик ишти жүзөгө ашырууга жана жалпы салыктык режимде салыктардытөлөөгө ниеттенген субъектти салыктык каттооСалык кодексинин IX бөлүмүнүн талаптарына ылайык, ушул Жободо белгиленген тартиптекошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) салык төлөөчүсү катары каттоо менен бир убакта жүргүзүлөт.”;

- 29-пункттагы “кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС)” деген сөздөр “КНС”деген аббревиатурага алмаштырылсын;

- “Салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу” 10-главасынын бешинчи абзацындагы “73” деген цифралар “71” деген цифраларга алмаштырылсын;

- 74-пункттун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 14-глава менен толукталсын:

“14. КНС боюнча каттоо жана каттоону жокко чыгаруу

98. Салык төлөөчү КНС боюнча катталуугатийиш:

1) анын салыктык каттоо датасына карата -ушул Жобонун 
28-пунктунун талаптарын эске алуу менен салыктык каттоо жөнүндө арызынын негизинде жаңы катталган салык төлөөчү үчүн;

2) атайын салыктык режимден өтүү жөнүндө арызынын негизинде жалпы салыктык режимге өтүү датасына карата;

3) салык төлөөчү ишкердик ишин жүргүзө баштаган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып – салыктык кайра каттоо жөнүндө арызынын негизинде мурда аны жүргүзбөгөн салык төлөөчү үчүн.

99. Ушул Жобонун 98-пунктуна ылайыккатталууга милдеттүү, бирок каттоо/кайра каттоо жөнүндө арыз бербеген же аны өз убагында бербеген субъектти КНС боюнча каттоо салык органы тарабынан КНС боюнча каттоо жөнүндө милдети же өз убагында арыз берилбегени аныкталгандан кийин 3 (үч)жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат жана субъект КНС төлөөчү катары катталууга милдеттүү болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.

100. Салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) атайын салыктык режимге өтүү жөнүндө арызынын;

2) уюмдун жоюлушуна же жеке ишкердин ишинин токтотулушуна байланыштуу салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арызынын;

3) салыктык каттоосун жокко чыгарууда ушул Жобонун 
70-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында каралган талаптардын;

4) банкроттук процесси башталган күндөн кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү болгон атайын администратор тарабынан КНС төлөөчүнүн банкрот процессинин козголушунун.

101. КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу төмөнкү учурларда күчүнө кирет:

1) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, субъект бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөн айдын биринчи күнүнөн тартып;

2) Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген салыктык режимге өтүү жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки беш жумуш күн өткөндөн кийин;

3) субъект башка атайын салыктыкрежимдерге өтүү жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;

4) салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки күндөн тартып;

5) мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген же ушул Жобонун 70-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларынын негизинде салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып.

102. Ушул Жобонун 101-пунктунда каралган учурларда салык төлөөчү же атайын администратор КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу үчүн салык органына КНС боюнча акыркы салыктык отчеттуулукту берет.

103. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу салык төлөөчүнү КНС боюнча салык милдеттенмесин аткаруудан, ошондой эле Салык кодексине ылайык эсептелген жана/же эсептелүүгө тийиш болгон пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын төлөөдөн бошотпойт.

104. КНС боюнча каттоодо же каттоосунжокко чыгарууда салык органынын кызмат адамы:

– FORM STI-025 форма боюнча салык төлөөчүнүн колдонуудагы каттоо картасын тариздейт же ага өзгөртүүлөрдү киргизет;

– каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жөнөтөт).”.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы            А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу