Навигациялык пломбаларды колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарлардын өткөрүлүшүнө контролду талаптагыдай камсыз кылуу максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 139-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 “Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды өткөрүүдө навигациялык(электрондук) пломбаларды пайдалануу тартибинде:
‒ 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу бажылык коштоодо бажы контролун камсыз кылуунун кошумча чарасы болуп саналат.”;
‒ 9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
‒ 10-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөйредакцияда баяндалсын:
“10. Навигациялык (электрондук) пломба колдонулган учурда бажы органы пломбалоочу операторго төмөнкүдөй маалыматты берет:”;
‒ 17-пункттагы “пломбалоо оператору берген адистештирилген мобилдик түзүлүштөрдү” деген сөздөр “пломбалоо операторунун техникалык, маалыматтык каражаттарын” деген сөздөргөалмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 538 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 “Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
3-пунктта:
– 1, 2-пунктчалардагы “ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып эки айлык мөөнөттө” деген сөздөр “2023-жылдын
30-сентябрына чейинки мөөнөттө” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктчадагы “ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып эки айлык мөөнөт өткөндөн кийин” деген сөздөр “2023-жылдын
1-октябрынан тартып” деген сөздөргөалмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров