Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин2023-жылдын 28-мартындагы № 69 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчилике алып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемесинин Жобосу 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №250 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөркиргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө Жобонун:
– 1-пунктунун 1-пунктчасынын жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«мамлекеттик салык, бажы саясаттарын, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча.»;
– 12-пунктунун 1-пунктчасынын алтымыш алтынчы абзацындагы «жана ишке ашырат»деген сөздөр алынып салынсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №300 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө»токтомунун 1-пунктунун 6, 7 жана 14-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
– 2-пункттагы «589», «121», «327» жана «77» деген сандар «497», «105», «235» жана «61» деген тиешелүү сандарга алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 193 пункту менен толукталсын:
«
193 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик агенттик
| 101 | 17 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 86 | 17 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 15 | - |
»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемеси:
– төмөнкүдөй мазмундагы 193 пункту менен толукталсын:
«
193 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик
| 3 |
»;
– эскертүүнүн 4-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондун» деген сөздөр алып салынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу аркылуу2023-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджетте ушул токтомдон келип чыккан чыгымдарды жабууга акча каражаттарын караштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У.Жапаров