КР Министрлер Кабинетинин 25.11.21 ж. №278 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "магистр" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегинде:

"Гуманитардык илимдер" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы саптар менен толукталсын:

"

532600

Кыргыз таануу

Магистр

532700

Манас таануу

Магистр

".

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы


А.Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу