Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу максатында,“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдардын пайда салыгы, КНС жана сатылуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатуу салыгы боюнча жеңилдиктерди берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркеме
Улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдардын пайда салыгы, КНС жана сатылуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатуу салыгы боюнча жеңилдиктерди берүү тартиби
1. Ушул улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдардын пайда салыгы, КНС жана сатылуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатуу салыгы боюнча жеңилдиктерди берүү тартиби (мындан ары – Тартип) салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү жол-жобосун регламенттейт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
Уюм – менчигинде, чарбалык карамагында же оперативдүү башкаруусунда обочолонгон мүлккө ээ болгон жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ушул мүлк мененжооп берген, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге ээ боло жана жүзөгө ашыра алган, сотто доогер жана жоопкер боло алган юридикалык жак;
Арыз ээси – уюм, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары;
салык боюнча жеңилдик – улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдар тарабынан сатылуучу пайдага салык, КНС жана товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатуудан салык боюнча уюмга жеңилдетилгенсалык салуу.
Ушул пункттун максаттары үчүн салык боюнча жеңилдик улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдар тарабынан алып келинген жана ушул уюмдар тарабынан улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар долбоорлорду өз өндүрүшү жана же/ишке ашыруу үчүн пайдаланылган товарлардын импортуна КНСти камтыйт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган –салык жана бажы саясатын иштеп чыгуубоюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо боюнча комиссия – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлүүчү консультациялык-кеңешүүчү орган.
3 Улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдар тарабынан сатылуучу пайдага салык, КНС жана товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатуудан салык боюнча жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги (мындан ары –Тизмек) төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
– уюмдун аталышы;
– улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик инвестициялардындолбоорунун аталышы;
– жооптуу мамлекеттик органдын аталышы;
– салыктар боюнча берилген жеңилдиктердин түрлөрү;
– салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагында улуттук инвестициялык долбоорлор, мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнчауюмдун милдеттенмелери.
4. Салыктар боюнча жеңилдик алуу үчүн уюм төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо боюнча комиссиянын оң чечиминин болушу;
2) бюджетке салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызынын жоктугу;
3) идентификациялоого жана бөлүп көрсөтүүгө боло турган ишке ашырылып жаткан долбоор боюнча өзүнчө эсеп жүргүзүү.
Өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгон учурда уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар субъекттерге карата ушул пункттун 2-пунктчасы колдонулбайт.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо боюнча комиссиянын оң чечиминин негизинде Арыз ээси Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга улуттук инвестициялык долбоорду жана/же мамлекеттик инвестициялардындолбоорун Тизмекке киргизүү жөнүндө кайрылууну киргизет.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерине жана ведомстволоруна жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына улуттук инвестициялык долбоорду жана/же мамлекеттик инвестициялардын долбоорун Тизмекке киргизүү жөнүндө арыз ээсинин кайрылуусункелип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде макулдашууга жиберет.
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Улуттук инвестициялык долбоорду жана/же мамлекеттик инвестициялардындолбоорун Тизмекке киргизүү жөнүндө Арыз ээсинин кайрылуусу боюнча келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичиндеЫйгарым укуктуу мамлекеттик органга жооп жиберет.
7. Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тизмектин долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизет.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тизмекти бекитүү жөнүндө чечимин демилгелөө үчүн Арыз ээси Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү маалыматтарды берет:
1) улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардындолбоорлорун тандоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Комиссиянын оң чечиминин көчүрмөсүн;
2) уюмдун мөөрү жана уюмдун жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлгөн уюмдун каттоо жана уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн (устав, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, уюштуруу келишими);
3) Арыз ээсинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн салык боюнчажеңилдиктерди берүүнүн максатка ылайыктуулугун көрсөтүү мененаналитикалык кат.
9. Тизмекке киргизилген Уюм Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте салыктык жеңилдиктин натыйжалуулугун баалоо үчүн маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
10. Бекитилген мамлекеттик орган Тизмекке киргизилген Уюмдун ишине, Уюм тарабынан өз милдеттерин аткаруу бөлүгүндө жыл сайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан мониторинг жүргүзөт. Өз милдеттенмелерин аткарууну ырастоо үчүн Уюм бекитилген мамлекеттик органга Тизмектин алкагында жүзөгө ашырылып жаткан иши жөнүндө суралган материалдарды берет.
Тизмекке киргизилген Уюм тарабынан милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг анын ичинде мамлекеттик органдарды, көз карандысыз эксперттерди жана тиешелүү чөйрөдө кесиптик иштин тажрыйбасына ээ адистерди тартуу менен жүргүзүлөт.
Мониторингдин натыйжалары боюнча Тизмекте каралган милдеттенмелерди аткарбоо фактылары аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитилгенмамлекеттик орган Уюмду Тизмектен чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.
11. Тизмекте камтылган милдеттенмелерди аткарбоо Уюмду Тизмектен чыгарууга жана салык боюнча жеңилдиктер берилген биринчи күндөн тартып туумдарды жана санкцияларды эске алуу менен салыктарды толугу менен төлөөгө алып келет.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салыктар боюнча жеңилдиктердиберүү мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 36-беренесине ылайык жүргүзүлгөн жеңилдиктерди берүүнүннатыйжалуулугун талдоонун негизинде кийинки 5 жылга чейинки мөөнөткө узартууга укуктуу.