КР Министрлер Кабинетинин 07.07.23 ж. №340 токтому

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 386 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Алдын алуучу медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесине “улуттук” статусун ыйгаруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык, ошондой эле аймактын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга, өлкөнүн калкынын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган профилактикалык медицина чөйрөсүндө илимий-практикалык жана билим берүү ишин өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Алдын алуучу медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту болуп кайра аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтун Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайра каттоо жол-жоболорун жүргүзүүнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун илимий-изилдөө иштерин жана инновациялык долбоорлорун каржылоого катышсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Алдын алуучу медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Устав.docx


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу