Кыргыз Республикасынын МинистрлерКабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Республиканын бардык региондорунда жарандардын ойлоп табуучулук жана инновациялык ишке кызыгуусун жана активдүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетитоктом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы, преамбула, 1–3-пункттар “инновациялык демилгелерди”, “инновациялык долбоорлорго” деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө “, стартаптарды”, “, стартаптарга” деген сөздөрменен толукталсын;
2) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте:
– Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалыкбюджетинде “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан 8ге (сегизге) чейинки инновациялык демилгени, анын ичинде стартаптарды Кыргызпатенттин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен каржылоого акча каражатын карасын;
– Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык бир тандалып алынган инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 000 000 (бир миллион) сомго чейинки, бир стартапты ишке ашырууга 500 000 (беш жүз миң) сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын бөлсүн.”;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген “40 райондон 40 демилге”долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
– аталышы, преамбула “инновациялык демилгелерди” деген сөздөрдөн кийин “, стартаптарды” деген сөздөр менен толукталсын;
– 1-пунктунда:
– төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
“стартап – алардын багыты масштабдуу бизнес-моделди издөө, иштеп чыгуу жана текшерүү, өтө белгисиздик шарттарында жаңы продуктуну же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жолу менен конкреттүү көйгөйдү чечүү болуп саналган жаңы долбоор же инновациялык идеяларга негизделген компания;
жаңылык (новация) – рыноктун аныкталган сегменти үчүн колдонулуп жаткан аналогдоруна салыштырмалуу жаңы белгилерге ээ, практикада колдонулуучу, анын негизинде жаңы же өркүндөтүлгөн продукцияны, жаңы же өркүндөтүлгөн технология, жаңы кызмат көрсөтүүлөр, жаңы уюштуруу-техникалык чечим түзүүдө оң экономикалык же башка пайдалуу натыйжа алып келүүгө жөндөмдүү интеллектуалдык иштин натыйжасы (жаңы билим, техникалык же башка чечим, эксперименттик же тажрыйбалык үлгү ж.б.);”;
– бешинчи, алтынчы жана он биринчи абзацтар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “инновациялык долбоорлор” деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “, стартаптар” деген сөздөр менен толукталсын;
– 2-пункт, 3-пункттун бешинчи абзацы, 19-пункт түрдүү жөндөмөлөрдөгү “инновациялык долбоорлор” деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “, стартаптар” деген сөздөр менен толукталсын;
– 7, 20, 23, 24-пункттар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы “инновациялык долбоор” деген сөздөртиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы “, стартап” деген сөздөр менен толукталсын;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды алууга тандоого катышууга тандоонун талаптарына жооп берген инновациялык долбоорлорду, стартаптарды сунуштаган катышуучуларга уруксат берилет.”;
– 12-пункттагы “тиркемесине” деген сөз “1, 2-тиркемелерине” деген сөздөргөалмаштырылсын;
– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
1) инновациялык долбоорлор:
– долбоордун сыпаттамасы (долбоордун техникалык, экономикалык же социалдык жаңылыгы, актуалдуулугу жана практикалык мааниси, анын ичинде долбоорду ишке ашыруудагы муктаждыктар жөнүндө маалымат);
– маркетингдик талдоо, долбоордун рыногу (максаттуу аудитория, негизги атаандаштар, аналогдору, ички же тышкы рынокко багытталгандыгы жөнүндө маалыматтар, мисалы: айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы, медицина, биотехнологиялар, ITж.у.с.);
– долбоордун бизнес-планы;
– бизнес-долбоорду ишке ашыруунун календардык планы жана чыгымдар сметасы;
– керектүү адистердин болушу, алардын квалификациясы жөнүндө маалымат;
– юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак жоюлган, банкроттукка учураган, экономикалык ишин кайра уюштуруп же убактылуу токтоткон абалда эмес экендигин ырастаган, жетекчи кол койгон маалымкат;
– интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (эгер бар болсо). Интеллектуалдык иштин натыйжаларынынбир нече укук ээлери болгон учурда тандоого катышууга бардык укук ээлеринин макулдугу жөнүндө документтер да тиркелет;
2) стартаптар:
долбоордун бизнес-модели, анда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
– долбоордун инновациялуулугу(долбоордун экономикалык же социалдык жаңылыгы, актуалдуулугу жана практикалыкмааниси, стартап-долбоор кандай көйгөйлөрдү чечет же кандай жакшырууларга алып келет жана мурдагы аналогдоруна караганда бир топ жакшыртат);
– стартап рыногу (ички же тышкы рынокко же конкреттүү индустрияга багытталгандыгы, мисалы: айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, медицина, биотехнологиялар, IT ж.у.с.);
– масштабдалуусу (стартап кантип рынокту тез камтып, керектөөчүлөрдү топтой алат, бул процесс үчүн кандай технологиялар же процесстер пайдаланылат);
– монеталаштыруу түзүмү (стартап кантип киреше табат, киреше алуунун модели кандай болот);
– долбоордун күтүлүүчү натыйжалары (керектөөчүлөрдүн, кардарлардын, компаниялардын болжолдуу саны – 1–3 жыл);
– прототип, иштөөчү система/баштапкыпродукт барбы (MVP – минималдуу колдонууга жөндөмдүү продукт) жана аны керектөөчүлөр барбы.”;
– 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15. Сунушталган долбоорлор төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
1) инновациялык долбоорлор:
– жаңылыгы (новация) – илимий, техникалык, технологиялык;
– экономикалык жана социалдык мааниси (долбоорду ишке ашырууда түзүлгөн жумуш орундарынын саны);
– атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү (ички жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү);
– ишке ашырылуусу (адам ресурстарынын, жабдуулардын болушу, илимий изилдөөлөрдү, тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгууларды жүргүзүү жана өндүрүштү технологиялык даярдоо);
– натыйжалуулук (рынокту камтуу, керектөөчүлөрдүн көбөйүшү, бул процесс үчүн жаңы технологияларды пайдалануу);
– инновациялык тобокелдик (жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чыгарууга каражаттарды салууда, рынокто күтүлүүчү суроо-талапка ээ болбой калышы мүмкүн болгон өндүрүш жана башкаруу методдорун киргизүүдө келип чыгуучу жоготуулардын ыктымалдыгы);
– экологиялык коопсуздук (айлана-чөйрөгө жана адамга экологиялык коркунучтун жаратылыштык жана антропогендик факторлорунун терс таасиринин жол берилген деңгээли);
– уюмдардын иш чөйрөсүнүн Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына шайкештиги;
2) cтартаптар:
– долбоордун инновациялуулугу(долбоордун экономикалык же социалдык жаңылыгы, актуалдуулугу жана практикалыкмааниси);
– ишке ашырылуусу (адам ресурстарынын, жабдуулардын болушу, илимий изилдөөлөрдү, тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгууларды жүргүзүү жана өндүрүштү технологиялык даярдоо);
– натыйжалуулук (рынокту камтуу, керектөөчүлөрдүн көбөйүшү, бул процесс үчүн жаңы технологияларды пайдалануу).”;
– 17-пункт “Катчылык” деген сөздөн кийин “Кыргызпатенттин эксперттери менен биргеликте” деген сөздөр менен толукталсын;
– 22-пунктта:
биринчи абзац “инновациялык долбоорлорду” деген сөздөрдөн кийин “, стартаптарды” деген сөз менен толукталсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Комиссия акселерациялык программаны өткөргөн уюмдун сунуштамаларынын жана көз карандысыз эксперттердин, Кыргызпатенттин тармактык эксперттеринин баалоосунун негизинде долбоордун түрүн: инновациялык долбоор, стартап экендигин аныктоо укугу менен катышуучулардын презентацияларын угат жана талдайт.”;
– 6-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Инновациялык долбоорду жана стартапты ишке ашыруу
25. Тандоонун жеңүүчүлөрү инновациялык долбоорду же стартапты ишке ашыруу жөнүндө келишимдин аткаруучулары болуп саналат.
26. Комиссиянын чечиминин негизинде ИМ Мамфонду жеңүүчү менен инновациялык долбоорду же стартапты ишке ашыруу жөнүндө келишим (мындан ары – Келишим) түзөт.”;
–7-главанын аталышы, 28-пункт, 8-главанын аталышы,
32-пункт “инновациялык долбоорлорду” деген сөздөрдөн кийин
“, стартаптарды” деген сөз менен толукталсын;
– 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“27. Кыргыз Республикасынынреспубликалык бюджетинде жыл сайын “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан 8ге (сегизге) чейинкиинновациялык долбоорлорду, анын ичинде стартаптарды Кыргызпатенттин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен каржылоого акча каражаты каралат.”;
– 29-пункт “инновациялык долбоордун” деген сөздөрдөн кийин “, стартаптардын” деген сөз менен толукталсын;
– 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“30. Тандалып алынган бир инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 000 000 (бир миллион) сомго чейинки, бир стартапты ишке ашырууга 500 000 (беш жүз миң) сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражаты бөлүнөт.”;
– 31-пункт “инновациялык долбоорду” деген сөздөрдөн кийин
“, стартапты” деген сөз менен толукталсын;
– 33-пункт “инновациялык долбоорду” деген сөздөрдөн кийин
“, стартапты” деген сөздөр менен толукталсын;
– 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“34. Зарыл болгон учурда катчылыкинновациялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө көз карандысыз эксперттерди тарта алат, ошондой эле аткаруучу тарабынан Келишимдин шарттары сакталбаган учурда, ИМ Мамфонду бул долбоорду каржылоону токтотууга укуктуу жана максаттуу багыты боюнчапайдаланылбаган каражаттар ИМ Мамфондунун атайын эсебинин алыш-бериш эсебине калыбына келтирилүүгө тийиш.”;
– жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:
жогорку оң жак бурчундагы “тиркеме” деген сөз “1-тиркеме” деген сөздөргө алмаштырылсын;
тиркеменин аталышы “инновациялык демилгелерди” деген сөздөрдөн кийин “, стартаптарды” деген сөз менен толукталсын;
– Жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык 2-тиркеме менен толукталсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров