Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайыкКыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тизмесинде:
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
3 | Азербайжан Республикасы | 15 календардык күн |
”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибинде:
– 4, 41-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Чет өлкөлүк жарандарды жанажарандыгы жок адамдарды каттоо Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары – ТМЭБС) аркылуу жүзөгө ашырылат:
– келген жерине карабастан, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык аймактык бөлүмдөрүндө;
– “Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо” сайтында.
Каттоого арыз берип жаткан учурда арыз ээсине ал ТМЭБСте катталган катар номер ыйгарылат.
“Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо” сайтына жетүү операторлордун ыйгарым укуктарынын деңгээлине жараша калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Кабыл алуучу тарап үчүн “Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды электрондук каттоо” сайтында “жеке кабинетти” пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган, анда мурда каттоо үчүн берилген уставдык жана башка документтер, ошондой эле кабыл алуучу тараптын өтүнмөсү боюнча мурда катталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтар сакталат.
Кабыл алуучу тарап жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган жеке маалыматтарды коргоо үчүн бардык зарыл болгон техникалык жана уюштуруучулукчараларды сактайт.
41. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоодо алардын арызынын негизинде, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдынкызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык идентификациялык жеке номер ыйгарылат.”;
– 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү визанын колдонуу мөөнөтүнө узартылган визанын колдонуу мөөнөтүнө каттоону узартуу укугу менен жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын жарандыгы жок адамдардын каттоосунун колдонуу мөөнөтүн узартуу визанын колдонуу мөөнөтү узартылгандан кийин жүргүзүлөт. Мында чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга виза узартылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кайрылууга же “Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо” сайтында жогоруда аталган каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.”;
– 12-пунктта “Кыргыз Республикасынын жарандары менен катар жалпы негиздерде” деген сөздөр “ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 13-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Иш жүзүндөгү дарек болуп жашоо үчүн техникалык, санитардык жана башка талаптарга жооп берген турак жай же жатаканалар, пансионаттар, конок үйлөр, хостелдер (мындан ары – башка турак жай)болушу мүмкүн.”;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп саналбаса, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоо турак жайдын же башка жайдын менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастаган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты болгондо жүргүзүлөт.”;
– 14-пунктта:
1-пунктчада:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
үчүнчү абзацта “турак жай” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “турак жай же башка жай” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктчанын бешинчи абзацы “туракжайдын” деген сөздөр “турак жайдын же башка жайдын” деген сөздөргөалмаштырылсын;
экинчи абзацта “автоматташтырылган маалыматтык системага” деген сөздөр“ТМЭБС” деген аббревиатурага алмаштырылсын;
– 15-пунктта:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи абзацта “автоматташтырылган маалыматтык системага” деген сөздөр“ТМЭБС” деген аббревиатурага алмаштырылсын;
– 16-пунктта:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
үчүнчү, тогузунчу абзацтарда “турак жай”деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “турак жай же башка жай” деген сөздөргөалмаштырылсын;
он биринчи абзацта “автоматташтырылган маалыматтык системага” деген сөздөр“ТМЭБС” деген аббревиатурага алмаштырылсын;
– 17-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап болуп Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашаптурууга укугу жана/же менчик турак же башка жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак же башка жайдын менчик ээси болуп саналбаса, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет;”;
алтынчы абзацта “турак жайдын” деген сөздөр “турак жайдын же башка жайдын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацта “автоматташтырылган маалыматтык системага” деген сөздөр“ТМЭБС” деген аббревиатурага алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Этностук кыргыздар келген жеринин иш жүзүндөгү дареги жок болгон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү органында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өтүнүч каты боюнча катталат. Этностук кыргыздарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын юридикалык дареги боюнча ким экендигин ырастоочу документтин негизинде жүргүзүлөт.”;
– 171-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– кабыл алуучу тараптын кайрылуусу. Кабыл алуучу тарап болуп Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана туруктуу жашоого уруксаты бар жана/же менчик турак жайы бар жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар боло алат. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын же башка жайдынээси боло албаса, бул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча талап кылынат;”;
алтынчы абзацта “турак жайдын” деген сөздөр “турак жайдын же башка жайдын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацта “автоматташтырылган маалыматтык системага” деген сөздөр“ТМЭБС” деген аббревиатурага алмаштырылсын;
– 19-пунктта:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
алтынчы абзацта “турак жайдын” деген сөздөр “турак жайдын же башка жайдын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацта “автоматташтырылган маалыматтык системага” деген сөздөр“ТМЭБС” деген аббревиатурага алмаштырылсын;
– 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20. Кабыл алуучу тараптын өтүнүч катыэркин формада таризделет.”;
– 21-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 22, 23-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“22. Каттоо талону ТМЭБСте сакталат жана чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга же кабыл алуучу тарапка кагаз же электрондук түрдө берилет.
Электрондук каттоо талону кагаз түрүндө берилген каттоо талонуна теңештирилет жана атайын окула турган коду бар.
23. Каттоо талону калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкери тарабынан берилген документтердин негизинде ТМЭБСке тиешелүү жазууларды киргизүү аркылуу толтурулат.”;
– 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагыабзацтар менен толукталсын:
“ТМЭБСте чек арадан өтүү жөнүндө маалымат жок болгон учурларды кошпогондо,чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келиши милдеттүү эмес.
ТМЭБСте чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жөнүндө маалымат жок болгон учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан маалыматтар кол менен киргизилет жана бир жумуш күндүн ичинде себептерин аныктоо үчүн улуттук коопсуздук органына ТМЭБС аркылуу кабарлама жиберилет.”;
– 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“28. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле кабыл алуучу тарап калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүгө уруксат берүүчү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөн кийин кайрылса жекаттоо мөөнөтү өтүп кеткен учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери белгиленген тартипте каттоону жүргүзөт жана бир жумуш күндүн ичинде ТМЭБС аркылуу жогоруда аталган адамдарга карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүү үчүн ички иштер органдарына кабарлама жиберет.”;
– 3-главанын аталышында, 29-пунктта““калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын” деген сөздөр “Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо”” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 30, 31-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“30. Кабыл алуучу тарап (Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран, туруктуу жашап турууга уруксаты баржарандыгы жок адам) турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп саналган жана “Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо” сайтына каттоо жол-жобосунан өтүүнү же каттоону узартууну кааласа:
1) “Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо” сайтына ким экендигин күбөлөндүрүүчү, документтердин маалыматтарын, ошондой эле турак жайга же башка жайга менчик укугун ырастоочу документтерди киргизүү аркылууавторизациялоо жол-жобосунан өтөт;
2) ушул Тартиптин 14–19-пункттарына ылайык документтердин электрондук көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук арыз толтурат (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
3) жеке маалыматтарды текшерүүгөмакулдук берет жана электрондук арыздыырастайт.
Электрондук арыз ырасталгандан кийинэлектрондук сайт чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо үчүнмамлекеттик алымды төлөө кодун генерациялайт.
Юридикалык жактар “Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо” сайтына жетүүнү алуу үчүн келген жерине карабастан, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алат.
“Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо” сайтына жетүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган тарабынан аныкталат.
31. “Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо” сайты аркылуу келип түшкөн өтүнмө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бир жумуш күндүн ичинде каралат.
Каталар жана дал келбестиктер табылган, арыз туура эмес толтурулган учурда, арыз ээсине арызда көрсөтүлгөн электрондук дарегине каталарды жана дал келбестиктерди оңдоо зарылдыгы жөнүндө электрондук билдирүү жөнөтүлөт.
Каталарды жана дал келбестиктердиоңдоого мүмкүн болбогондо турак жайдын же башка жайдын менчик ээси болуп саналган кабыл алуучу тарап келген жерине карабастан, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алат.
Каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда ТМЭБСте электрондук каттоо талону таризделет.
Арыз ээси зарыл болгондо каттоо талонун А-4 форматындагы ак кагазга чыгарып алса болот.
Электрондук каттоо талонун берүү жөнүндө маалыматтар тышкы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн автоматтык түрдө жеткиликтүү болот.”;
– Тартиптин тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликтеКыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды электрондук каттоо тартибин ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркеме
КАТТОО ТАЛОНУ/ РЕГИСТРАЦИОННЫЙ ТАЛОН/ REGISTRATIONCARD чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды келген жеринде/ иностранного гражданина и лица без гражданства по месту пребывания/ foreign citizen and persons without citizenship at the place of stay | ||||||||||||||||||||||||
Сүрөт/Фото/Photo | Каттоо номери/ Номер регистрации/ Number registration: №_______________
| QR код | ||||||||||||||||||||||
|
“Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибине тиркеме
”.