КР Министрлер Кабинетинин 17.07.23 ж. №428-б буйругу

Адам укуктары боюнча иш-чараларды өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 28-ноябрындагы № 655-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган тескеменин тиркемесинде:

– 51, 52 жана 55-пункттардагы “Ишке ашыруу формасы” графасындагы “жана Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн”, “Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана” жана “Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн,” деген сөздөр алып салынсын;

– 59-пункттагы “Аткаруучулар” графасытөмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“БИМ, ЭСКММ, ССМ, ЖӨБО, КАУБ (макулдашуу боюнча), Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл”;

– 60-пункттагы “Аткаруучулар” графасы “ЖӨБО” деген аббревиатурадан кийин “, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл”деген сөздөр менен толукталсын;

– 102-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

102

Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка жана “Тынч чогулуштар жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине керилдик берүү

Тынч чогулуштарга укукту камсыз кылуу боюнчаыкчам чара көрүү максатында кабарлоо берүү үчүн онлайн- форманы иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

Тынч чогулуштарды өткөрүү жөнүндө кабарлоо тартиби

жөнөкөйлөтүлдү

Дайыма

ЖӨБО, ИИМ

                                                                                                           ”.

 

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы              А.У. Жапаров

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу