КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 278 токтому

Москва шаарында 2017-жылдын 7-ноябрында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сатуу жөнүндө макулдашууну бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында,  “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Москва шаарында 2017-жылдын 7-ноябрында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сатуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссияга кабарласын.

 3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 Премьер-министр                                                             М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу