КР Министрлер Кабинетинин 24.07.23 ж. №366 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишиноптималдаштыруу, ошондой эле жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салууну күчөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаменти Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы болуп кайра аталсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жободо:

– 13-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун
1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

– 14-пункттун 1-пунктчасындагы “140”, “326”, “537”, “141”, “113” деген цифралар тиешелүү түрдө “134”, “194”, “675”, “111”, “143” деген цифраларга алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде: 

– 14-пункттагы “5” деген цифра “4” деген цифрагаалмаштырылсын;

– жогоруда аталган тиркеменин эскертүүсүндө:

2-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“5) Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин бир орун басары Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директоруболуп санала тургандыгы;”;

4-пункт “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматын” деген сөздөрдөн кийин 
“, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматын”деген сөздөр менен толукталсын;

3) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:

– 10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктта:

– 1-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын: 

“10) “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык.”;  

2) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 
10-тиркеме менен толукталсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндө жободо:

– 14-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри (мындан ары – министр)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору (мындан ары – директор)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 15-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Директордун орун басарлары кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча башкы мамлекеттик инспекторунун орун басарлары болуп саналат.”;

– 15-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кызматтын директорунун эки орун басары болот, алар Кызматтын директорунун сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директордун орун басарлары түздөн-түз Кызматтын директоруна баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Кызматтын ишин уюштурушат. Кызматтын директору жок болгон учурда анын функцияларын убактылуу алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү буйрукка ылайык директордун орун басары аткарат.”;

– 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“Кызмат түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдөн турат.”;

– 18-пунктта:

алтынчы, онунчу абзацтар “түзүмдүк” деген сөздөн кийин “жана аймактык” деген сөздөр менен толукталсын; 

жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– мыйзамда белгиленген тартипте Кызматтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин, ошондой эле Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин кызмат ордунадайындайт жана кызмат ордунан бошотот;”.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтомунун 2-пункту, 3-пунктунун 2-пунктчасы;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 532 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.

6. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы   А.У. Жапаров



Тиркемелер

Басып чыгаруу