Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров