Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” жана 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” жарлыктарына ылайык андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна өткөрүп берүү менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун аныктоо жана бөлүп берүү укугу берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү райондук администрациялардын башчылары менен биргеликте энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун инвентаризациялоону жүргүзсүн жана 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып энергетика чөйрөсүндөгү объекттерди курууга арналган, максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган же техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу, энергетикалык объекттерди
долбоорлоо жана куруу боюнча иштер баштала элек жер участокторун пайдалануу укугун токтотууну белгиленген тартипте демилгелесин;
– эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасында электр энергиясынын ири жана чакан генерациясын өнүктүрүү жөнүндө жол картасынын долбоорун иштеп чыксын жана бекитсин;
– министрликтин системасындагы бош орундарды толуктоо боюнча зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн, ошондой эле мамлекеттик кызматчы макул болгон учурда кызмат орундарынын айрым категориялары үчүн эмгек акы төлөөнүн контракттык системасын киргизсин;
– 2025-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча электр энергиясын эсепке алууну контролдоонун автоматтык системаларын киргизсин;
– генерациялоочу энергетика объекттерин куруу, киргизүү жана көмүр резервдерин өздөштүрүү боюнча иштерди тездетүү максатында “Нарынгидроэнергокурулуш”, “Нарынспецгидроэлектрмонтаж” ачык акционердик коомдору, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы үчүн белгиленген тартипте атайын техниканы лизингге сатып алсын же каржылоонун альтернативдүү механизмдерин колдонсун;
– Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде бюджеттик уюмдар жана мамлекеттик ишканалар тарабынан энергияны керектөөнү жыл сайын кыскартуу ченемин киргизсин;
– жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн лимиттеринен ашып кеткен, жабдууларга ашыкча күч келген, жылытуу сезонунан өтүү мезгилинде кубаттуулук жана электр энергиясы тартыш болгон учурларда колдонуу менен электр тармактарына күч келүүнү азайтуу графигин түзсүн;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кечки жана таң алдындагы сааттарда көчөлөрдү жарыктандыруу ишинин графигин кайра кароо жана авариялык, нөөмөттүк жана объекттерди күзөтүү жарыктандырууларын кошпогондо, архитектуралык, жарнамалык жана витриналык жарык берүүчү прожекторлордун санын чектөө, жарнамалык LED-экрандарды жана борддорду, тышкы лайтбоксторду чектөө боюнча иштерди жүргүзсүн;
– ушул токтомду аткаруунун алкагында энергетикалык объекттерди курууга арналган жер участокторун бөлүп берүү, аныктоо жана пайдалануу (жокко чыгаруу) укугун токтотуу маселелери боюнча кеңири маалыматтык түшүндүрүү иштерин, ошондой эле энергияны үнөмдөө, энергиялык натыйжалуулук жана отун даярдоо маселелери боюнча медиакампанияны жүргүзсүн.
3. Өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде Кыргыз Республикасынын энергетика министрине оперативдүү тартипте төмөнкүлөргө өзгөчө укук берилсин:
– Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин жер жана суу фондун, жер казынасын пайдалануу маселелерин тейлеген орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин, “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директорлорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын Кыргыз Республикасынын аймагында энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу бөлүгүндөгү ишин жалпы координациялоону жүргүзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыгын жана ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чаралар талаптагыдай аткарылбаган учурда ушул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацында көрсөтүлгөн кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги келтирилген зыян үчүн жана алынбай калган пайдага акы төлөөнү кийинкиге калтыруу мүмкүндүгү менен аба линияларын куруу, электр берүү линияларынын таянычтарына убактылуу кирүүчү жолдорду куруу үчүн таянычтарга Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине мамлекеттик токой фондунун жерлеринен жер участокторун белгиленген тартипте акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
– көмүр казып алуу боюнча иштер жүргүзүлбөгөн, кен иштерин жүргүзүү планына ылайык иштер башталбаган, иштер белгиленген талаптарды олуттуу бузуулар менен жүргүзүлүп жаткан же жер казынасын пайдалануучулар тарабынан лицензиялык макулдашуулардын жоболору аткарылбаган лицензиялык участоктордо жана аянттарда көмүр казып алуу чөйрөсүндөгү жер казынасын пайдалануу укуктарынын 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып токтотулушун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана демилгелесин;
– көмүр казып алуучу ишканалар менен биргеликте жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын ички рыногу үчүн милдеттүү түрдө камсыз кылынууга тийиш болгон көмүр продукциясынын үлүшүн аныктасын;
– 2023-жылдын 10-августуна чейин “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече көмүр кенинин “Чыгыш” участогунун катуу пайдалуу кендеринин запастарынын абалы жана өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар” 5-ГР формасы боюнча отчетун кабыл алсын;
– 2023-жылдын 20-августуна чейин “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына Кара-Кече көмүр кенинин “Чыгыш” жана “Батыш” участокторун иштетүү укугуна № 2 лицензиялык макулдашууну берсин жана Кара-Кече көмүр кенинин “Чыгыш” жана “Батыш” участокторунан 2022-жыл үчүн көмүр казып алууну форс-мажордук жагдайлар катары таанысын;
– 2023-жылдын 1-сентябрына карата “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Кара-Кече көмүр кенинин “Чыгыш” жана “Батыш” участокторун өнөр жайлык иштетүүнү баштоону камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине аба линияларын, подстанцияларды, гидроэлектрстанцияларды, жылуулук электр борборлорун, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин жана аларды тейлөө үчүн зарыл болгон имараттарды куруу үчүн жарактуу жер участокторун (трансформациялоону жүргүзүү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтери менен) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин карамагына өткөрүп берүүнү камсыз кылышсын;
– 2023-жылдын 1-октябрына чейин максаты боюнча пайдаланылбаган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунда катталбаган, техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкпаган, долбоорлоо жана куруу боюнча иши баштала элек энергетикалык объектилерди курууга арналган жер участокторун пайдалануу укугу токтотулсун (жокко чыгарылсын);
– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине аталган объекттерди курууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын суммасынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу, жерлерди бузуу жана рекультивациялоо үчүн акы төлөөнү кийинкиге калтырууну берсин;
– ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чаралар боюнча жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
– Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында өзгөчө кырдаал колдонулган мезгилде электр от казандарын энергиянын альтернативалуу булактарын (көмүр, газ) пайдаланууга өткөрүүнү камсыз кылсын;
– энергетика секторунун электр энергиясын иштеп чыгуу (“Электр станциялары”, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомдору, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын бардык субъекттери), электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү, керектөөчүлөрдү электр менен жабдуу боюнча иш жүргүзгөн ишканалары (“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому) менен биргеликте өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде жеткирилген электр энергиясына, электр энергиясын берүү жана электр менен жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө өз убагында акы төлөбөгөндүгү үчүн айыптык санкцияларды жана туумдарды өз ара эсептөөнү токтотуп турсун.
7. Төмөнкүлөрдүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин:
– Кыргыз Республикасынын энергетика тармагына өзгөчө кырдаалды киргизүү менен байланышкан чараларды жалпы координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын энергетика министринин;
– энергетикалык жабдууларды оңдоо иштеринин сапаты жана өз убагында жүргүзүлүшү үчүн “Кыргызжылуулукэнерго”, “Кыргызкөмүр”,
мамлекеттик ишканаларынын, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Ош муниципалдык “Жылуулук менен камсыздоо” ишканасынын, “Кыргызстан улуттук электр тармагы”, “Электр станциялары”, “Чакан ГЭС”, “Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору”, “Нарынгидроэнергокурулуш”, “Нарынспецгидромонтаж” жана “Курулуп жаткан электр станциялардын дирекциясы” ачык акционердик коомдорунун жетекчилеринин.
8. “Кадастр” мамлекеттик мекемеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары:
– аба линияларын, подстанцияларды, гидроэлектрстанцияларды, жылуулук электр борборлорун жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын курууга жер участокторун берүү үчүн жерге жайгаштыруу материалдарын белгиленген тартипте тариздесин;
– көрсөтүлгөн объекттерди куруу үчүн берилген жеке жана юридикалык жактардын жер участоктору туш келген учурда аларды алып коюу жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жүргүзүлөт деп белгиленсин;
– жер участокторун тандоодо ар тараптуу көмөк көрсөтсүн жана ушул токтомдун чараларын ишке ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча түздөн-түз катышсын.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте “Бишкек штамптоо заводу” мамлекеттик ишканасынын “Ленин атындагы завод” 110/6 кВ подстанциясын “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомуна 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берүүнү жүзөгө ашырсын.
10. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети белгиленген тартипте энергетикалык объекттерди курууга, модернизациялоого, реконструкциялоого тартылган адистер жана жумушчулар үчүн Кыргыз Республикасына кирүү/чыгуу визаларын тездетилген тариздөөнү камсыз кылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
– отунду жана импорттук электр энергиясын сатып алууга “Электр станциялар” ачык акционердик коому үчүн тиешелүү каражаттарды белгиленген тартипте карасын;
– төлөмдөрдүн мөөнөтү өтүп кеткен учурда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук мамлекеттик ишканаларына, мамлекеттик катышуу үлүшү бар
акционердик коомдоруна карата зайымдык каражаттар боюнча айыптык санкцияларды эсептөөнү өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде токтотуп турсун;
– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук мамлекеттик ишканалары, мамлекеттик катышуу үлүшү бар акционердик коомдору тарабынан өзгөчө кырдаал колдонулган мезгилде (2024-жыл, 2025-жыл, 2026-жыл) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго төлөнүүгө тийиш болгон зайымдык каражаттар боюнча милдеттенмелерди жыл сайын пролонгацияласын;
– керектелген электр энергиясы үчүн өз убагында төлөөнү камсыз кылуу менен керектелген электр энергиясы үчүн бюджеттик керектөөчүлөрдүн карыздарын жоюуну камсыз кылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы электр станцияларын жана тармактарын куруу үчүн ташып келинүүчү жабдууларга жана материалдарга карата бажы операцияларын биринчи кезектеги тартипте жүргүзсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
– транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдарды жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарынын өтүшү үчүн жыйымдарды же Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилге карата башка жыйымдарды алуудан бошотсун;
– Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыктары үчүн көмүр продукциясын жеткирүүчү көмүр тармагы чөйрөсүндөгү компанияларга темир жол транспортунун кызматтарына акы төлөөгө жеңилдетилген шарттарды белгиленген тартипте берсин, ошондой эле вагондордун токтоп турушу жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында акы төлөбөгөндүгү үчүн айыптарды, туумдарды жүргүзбөсүн;
– көмүр продукциясын жүктөө үчүн арналган вагондордун суралган санын Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыктары үчүн көмүр продукциясын жеткирүүчү компанияларга өз убагында берсин.
14. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жүк ташуучу автотранспорт менен жабдууларды жана материалдарды тоскоолдуксуз ташууга көмөк көрсөтсүн.
15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги энергетикалык объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча документтерди кароо жана макулдашуу жол-жобосун тездетсин.
16. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук мамлекеттик ишканаларынын, мамлекеттик катышуу үлүшү бар акционердик коомдорунун алыш-бериш эсептерин жабууга жол бербөө боюнча алдын ала чараларды көрүү сунушталсын.
17. Энергетика тармагындагы мамлекеттик ишканаларга, мамлекеттик катышуу үлүшү бар акционердик коомдорго жана алардын туунду коомдоруна жогоруда көрсөтүлгөн өзгөчө кырдаал режимин киргизүү менен байланышкан иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан методу менен сатып алууга уруксат берүү сунушталсын.
18. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
19. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинентинин
Төрагасы А.У. Жапаров