Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жөнүндө
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун ички ишин бирдиктүү терезе принциби боюнча уюштуруу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 “Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу жободо:
– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы “в” пунктчасы менен толукталсын:
“в) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу энергетикалык орнотмолорду курууга.”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибинде:
– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
“9) газ куюу жана электр кубаттоо станцияларын куруу жана эксплуатациялоо максатында иштерди аткаруу.”;
– 2-пункттун биринчи абзацы “пайдалуу кендерди иштетүү” деген сөздөрдөн кийин “, ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу” деген сөздөр менен толукталсын;
– 231-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган мамлекеттик токой фондунун жерлерин өткөрүп берүү ЭКБ пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме тарабынан өткөрүлгөн конкурстук тандоонун негизинде жүзөгө ашырылат.”;
– 32-пункттун 10-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 744-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“744. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу белгиленген тартипте таризделген мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундуларынын негизинде, архитектуралык-пландоо, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.”.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 557-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров