КР Министрлер Кабинетинин 04.09.23 ж. №445 токтому

Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордо  корпоративдик башкаруу маселелери жөнүндө

Уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордо корпоративдик башкарууну өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо жана көрсөтүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан тандоо жана көрсөтүү маселелери жөнүндө” токтому;

–  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун
 7-пункту;

–  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109 “Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 3-пункту;

–  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 486 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан тандоо жана көрсөтүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                   А.У. Жапаров


Тиркеме

Акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо жана көрсөтүү тартиби жөнүндө жобо 

1. Жалпы жоболор

  1. Бул Жобо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар тарабынан мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлерди тандоо жана көрсөтүү тартибин аныктайт.
  2. Бул Жобо акциялардын мамлекеттик пакети (үлүшү) ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнө ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген чарбакер коомдорго, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомуна карата колдонулбайт.
  3. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү маанидеги терминдер жана аныктамалар колдонулат:

– мамлекеттик өкүл –  мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын сунушу боюнча чарбакер коомдун башкаруу органдарына кадрлар резервинен көрсөтүлгөн, шайланган же дайындалган адам;

         – мамлекеттик орган – мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коомдо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;

         – мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдарды координациялайт;

– директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү – “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде белгиленген критерийлерге шайкеш келген адам;

– чарбакер коом – уставдык капиталындагы акциялар же үлүш мамлекетке таандык болгон акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом;

– кадрлар резерви – ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү чарбакер коомдордун башкаруу органдарында мамлекеттик өкүлдүн кызмат ордуна талапкерлердин резерви.

4.      Чарбакер коомдун башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүл жана директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү чарбакер коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, коомдун уставына жана ички документтерине ылайык башкаруу органынын тиешелүү мүчөсүнүн бардык функцияларын, укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырат.

5. Мамлекеттик орган чарбакер коомдун башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүл менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен типтүү формага ылайык келишим түзөт.

2. Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына талапкерлерди  тандоо жана көрсөтүү

6.   Башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн кесиптик квалификациясына жана иш тажрыйбасына талаптар чарбалык коомдун ички документтеринде белгиленүүгө тийиш.

7.   Чарбакер коомдун директорлор кеңешиндеги мамлекеттик өкүл, директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү, ошондой эле директорлор кеңешин түзбөстөн ишин жүргүзгөн контролдук акциялар пакети мамлекетке таандык чарбакер коомдун коллегиялык аткаруу органынын жетекчисинин же болбосо жеке аткаруу органынын функциясын аткаруучу адам төмөнкүдөй минималдуу талаптарга жооп бериши керек: 

1) соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жоюлганына карабастан;

2) курагы 27 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес; 

3) экономика, башкаруу, юриспруденция чөйрөсүндө же чарбакер коомдун ишинин профилине тийиштүү адистик боюнча жогорку билими;

4) иш тажрыйбасы:

– менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык уюмдун башкаруу органдарында жетекчи, жетекчинин орун басары (анын ичинде түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, жетекчинин орун басары) катары 5 жылдан кем эмес; же

– финансылык-экономикалык блоктогу мамлекеттик органдарда же болбосо чарбакер коомдордун ишинин профилине тиешелүү мамлекеттик органдарда “С-А” категориясынан төмөн эмес кызмат орундарында мамлекеттик жарандык кызматта 5 жылдан кем эмес.

8.      Чарбакер коомдун ревизиялык комиссиясындагы (ревизор) мамлекеттик өкүл төмөнкүдөй минималдуу талаптарга жооп бериши керек: 

1) соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жоюлганына карабастан;

2) курагы 27 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес;

3) финансы, бухгалтердик эсеп же аудит тармагындагы адистиги менен жогорку экономикалык билими;

4) менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда жана мекемелерде финансы, бухгалтердик эсеп, аудит менен түздөн-түз байланышкан жетектөөчү кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасынын болушу.

9. Мамлекеттик өкүл катары төмөнкүлөр көрсөтүлүшү мүмкүн эмес:

1) чарбакер коомдун атаандашы болгон субъекттин менчик ээси, акционери (катышуучусу), башкаруу органынын мүчөсү болуп саналган жак; 

2) буга чейин белгиленген тартипте банкрот деп таанылган же ага карата мажбурлап жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган коммерциялык уюмдун директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын жетекчиси же мүчөсү, башкы бухгалтери болгон жак.

10. Мамлекеттик органдар чарбакер коомдордун башкаруу органдарына талапкерлердин кадрлар резервин түзүүнү камсыз кылат, ошондой эле кадрлар резервине тандоону жүргүзүү жана мамлекеттик өкүлдүн кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү тартибин аныктайт.

Бир эле адам бир эле учурда бир нече мамлекеттик органдардын кадрлар резервинде турушу мүмкүн.

Кадрлар резервине киргизилген адам ушул Жобонун 7, 8,
 9-пункттарына шайкеш келүүгө тийиш.

Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоодо мамлекеттик орган өзүнүн кадрлар резервинен көрсөтүлгөн талапкерлер үчүн добуш берет.

Кадрлар резервине киргизилген жана чарбакер коомдордун башкаруу органдарына дайындалбаган адам резервде 3 жыл бою же ал кызматка дайындалганга чейин турат.

11. Кадрлар резервинен талапкерлерди көрсөтүүдө мамлекеттик органдарга директорлор кеңешинин гендердик курамына бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган катышы тууралуу талаптарды сактоо сунушталат.

12. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине кирген чарбакер коомдордун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат ордуна шайлоо үчүн мамлекеттик орган көрсөткөн талапкерлер мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган ишти жүзөгө ашыруучу чарбакер коомдордун директорлор кеңешине көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык макулдашылат.

13. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине кирген чарбакер коомдордун жеке аткаруу органынын же коллегиялык аткаруу органынын жетекчисинин жана анын орун басарларынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашылат.

3. Көз карандысыз директорлорду тандоо жана көрсөтүү

13. Контролдук акциялар пакети мамлекетке таандык акционердик коомдордо көз карандысыз директорлор үчүн квота директорлор кеңешинин курамынан кеминде 1/3 санында каралат.

14. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнө талапкерлердин “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде белгиленген критерийлерге шайкештиги акционерлердин жалпы чогулушунда көз карандысыз директорду көрсөткөн мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.


Тиркемелер

Басып чыгаруу