КР Министрлер Кабинетинин 08.09.23 ж. №453 токтому

Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө 

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагынан көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу)автомобиль транспорту менен ташып чыгууга (“Эркештам-автожолу” жана “Торугарт-автожолу” автомобилдик өткөрүү пунктарын кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен 
1-пунктта көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен 
1-пунктта көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүү мезгилинде калк жана бюджеттик уюмдар үчүн көмүр жетишсиз болгон жана баасы жогорулаган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, айыл өкмөтүнүн башчыларына жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.

6. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттары аркылуу автомобиль транспорту менен көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) ташып чыгууда(экспорттоодо) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына жайылтылбайт.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 581 “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы  А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу