КР Министрлер Кабинетинин 15.09.23 ж. №475 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-октябрындагы № 24 “Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногун иштетүүнүн алкагындагы тоскоолдуктарды Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери тарабынан четтетүү боюнча иштин жүрүшү жөнүндө” тескемесинин 1-пунктун аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 35 “Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;  

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын  3-мартындагы № 123 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун  1-пункту.  

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                             А.У. Жапаров                                                                                                                                                        

Тиркемелер

Басып чыгаруу