КР Министрлер Кабинетинин 13.09.23 ж. №461токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы № 518 “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Автомобиль өткөрүү пункттарында жайгашкан эксплуатациялоого жараксыз имараттарды жана курулмаларды бузуунун тартибин регламенттөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы № 518 “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) аталышында жана 1-пунктта “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу” деген сөздөр “Эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Имараттарды, анын ичинде турак үйлөрдөгү жана башка курулуштардагы турак имараттарды жана турак жайларды бузуу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, модернизациялоо же кайра жабдуу жөнүндө маселени чечүүдө жашоо жана эксплуатациялоо үчүн жараксыз категорияга киргизүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө жана адамдардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:”;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жободо: 

– аталышында жана 1-пунктта “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу” деген сөздөр “Эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 2-пункттун экинчи абзацында “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы” деген сөздөр алып салынсын; 

– 13-пункттун экинчи абзацында “шаардык, айылдык калктуу конуштарда жайгашкан” деген сөздөр алып салынсын;

– IV бөлүмдүн аталышы “жашоого” деген сөздөн кийин “жана эксплуатациялоого” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                   А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу