Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 “Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүүнүн жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 “Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибинде:
- 2-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) кепилдик – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык берилүүчү улуттук экономиканын субъекттеринин финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын (мындан ары – кредит берүүчүлөр) алдындагы кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан жооп берүүгө Фонддун милдеттенмеси;”;
– 5, 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Кепилдик берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин демилгелөө үчүн субъекттер экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) кепилдик берүүнү демилгелөө өтүнүчү менен арыз;
2) каттоо жана уюштуруу документтеринин (устав, каттоо тууралуу күбөлүк, патент, уюштуруу келишими) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) жетекчинин паспортунун, кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөлөрү;
4) акыркы үч жыл үчүн финансылык отчет. Субъект 3 (үч) жылдан аз иш жүргүзгөн учурда ишинин бардык мезгили үчүн финансылык отчет берилет;
5) субъектке кредит, лизинг же банктык кепилдик берүүнүн шарттарын чагылдырган келишимдин долбоору;
6) кредит берүүчүнүн кепилдик менен кредит, лизинг же банктык кепилдик берүүгө макулдугун ырастаган кат.
6. Кепилдик Фонд тарабынан субъекттин төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоонун жыйынтыгы боюнча кредит, лизинг же банктык кепилдик берүү жөнүндө кредит берүүчүнүн жактырылган корутундусу жана кол коюлган келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү алынгандан кийин берилет.”;
– 8-пунктта “насыя жана кирешелүүлүк” деген сөздөр “кредит, лизинг же банктык кепилдик жана кирешелүүлүк” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9. Милдеттенмелер боюнча кепилдик, эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен башкача белгиленбесе, кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтүнө берилет.”;
– 101-пунктта “кредиттик келишимдин” деген сөздөр “кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 11-пунктта “Кредиттик” деген сөз “Кредиттик жана лизингдик” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 14-пунктта “кредиттик” деген сөз алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров