Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-сентябрындагы № 624 “Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жободо:
– 45-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
– жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:
5-пунктчада “комиссиялык жыйымды жана башка” деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикти тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жободо:
– 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“21. Сатып алуучулар алган мамлекеттик мүлккө акы төлөө сатып алуу-сатуу келишимине кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде бир жолу жүргүзүлөт. Мамлекеттик мүлктү сатуудан түшкөн каражаттар белгиленген тартипте республикалык бюджетке которулат.”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Мамлекеттик мүлктү сатуучу болуп мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгат (мындан ары – Сатуучу).”;
- 25-пункттун биринчи абзацындагы “комиссиялык жыйым жана гарантиялык взнос кайтарылып берилбейт” деген сөздөр “гарантиялык взнос кайтарылып берилбейт” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 31-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 “Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жободо:
– 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 161-пункттагы “, комиссиялык жыйымды” деген сөздөр алып салынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 “Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жободо:
– 14-пункттун алтынчы абзацы, 33-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 774 “Акциялардын мамлекеттик пакеттерин баалуу кагаздардын рыногунда сооданы уюштуруу аркылуу сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акциялардын мамлекеттик пакеттерин баалуу кагаздардын рыногунда сооданы уюштуруу аркылуу сатуу жөнүндө жободо:
– 18-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров