Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Тиркемеге ылайык айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоочу чаралар боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясынакабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун
1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөнтартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгарууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеги
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
1 | Буудай жана меслин | 1001 |
2 | Буудай уну | 1101 00 |