КР Министрлер Кабинетинин 18.09.23 ж. №484 токтому

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификациялануучу регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана таштанды) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 103 “Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу