КР Министрлер Кабинетинин 22.09.23 ж. №501 токтому

Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө 

Байланыш жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, «Электр байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

  1. Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун жоболору жана аны менен бекитилген Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылат.

3. Бул токтом күчүнө кирген күнгө чейин көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүү процессинде түзүлгөн байланыш операторунун маалымат базасындагы абоненттер жөнүндө маалыматтар ушул токтомдун жоболоруна ылайык келтирүүнү талап кылбайт жана көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө аталган келишимдер өзүнүн юридикалык күчүн сактап калат.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 «Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 20 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 «Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы


А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу