КР Министрлер Кабинетинин 26.09.23 ж. №504 токтому

2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 235 “2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктун ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын 

4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти отуз миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

1) “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2023-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2023-жылдын 

1-октябрынан тартып отуз миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө, бирок 500 (беш жүз) сомдон кем эмес өлчөмүндө пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентине индексацияласын;

2) пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы     А.У. Жапаров

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу