“Авиациялык атайын жумуштар” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандартына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 99718 жана 23565 аскер бөлүктөрү көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркелген «Авиациялык атайын жумуштар» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик, укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыялоо;
- эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, нормативдик акттын жарыялоо булагын белгилөө менен буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине расмий жарыялангандан кийин 3 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, ошондой эле үч жумуш күндүн ичинде ал күчүнө киргенден тартып буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Буйрук тиешелүү адамдарга чейин жеткирилсин.
Коргоо министри
генерал-лейтенант
Б.А. Бекболотов