КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу боюнча калкты тейлөөнү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “3. Рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттары эл аралык патенттелбеген аталышы менен бекитилген үлгүдөгү рецепттердин бланктарына гана жазылары белгиленсин.”; 

2) ЛС-1 формадагы рецепттик бланк ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; 

3) ЛС-2 формадагы рецепттин бланкы күчүн жоготту деп таанылсын;

 4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринде: 

- 5-пунктунун экинчи, төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын; 

- 6-пунктундагы “Жеңилдиктерге укугу бар бейтаптардын бардык категорияларына акысыз же жарым-жартылай төлөө менен” деген сөздөр алып салынсын; 

- 7-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 

- 8-пунктунун биринчи абзацындагы “дарыгердин фармацевттик кызматкерге кайрылуусу” деген сөздөр “рецепт” деген сөз менен алмаштырылсын; 

- 12-пунктунун “а)” пунктчасынын  экинчи абзацы  күчүн жоготту деп таанылсын; 

- 18-пунктунун үчүнчү абзацындагы “жеңилдетилген жана акысыз рецепттер боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттары,” деген сөздөр алып салынсын; 

- 20-пунктунун биринчи абзацындагы  “, анын ичинде акысыз жана жеңилдетилген шартта аларды алууга” деген сөздөр алып салынсын;

 - 2-тиркемеде:

 - мамлекеттик тилдеги бүткүл текст боюнча “Ичтен кабыл алуучу” жана “Ичтен кабыл алуу үчүн” деген сөздөр түрдүү жөндөмөдөгү “Ичүүчү” деген сөз менен алмаштырылсын; 

- 5 жана 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын “

5

Морфин сульфаты (таасири 12 сааттан кем эмес башка аналогдору)Ичүүчү узак таасири бар таблеткалар 10 мг 30 мг 60 мг 100 мг 200 мгПероралдык кабыл алуу үчүн эритме,100 мл/бөт.2 мг/мл; 20 мл бөт. 20 мг/мл.    160 таблетка 60 таблетка 20 таблетка 20 таблетка 20 таблетка     2 бөтөлкө   2 бөтөлкө

6

Морфин гидрохлоридиСаюу үчүн эритме, 1 мл-ден 10 мг ампула 10 мг таблеткалар 5 мг таблеткалар                      40 ампула 100 таблетка 200 таблетка

  .”; 

12-пунктундагы  “16” жана “8” деген цифралар тиешелүү түрдө “20” жана “10” деген цифралар менен алмаштырылсын;

 5)  жогоруда аталган токтом менен бекитилген Фармацевттик уюмдардын дары-дармек каражаттарын берүү эрежелеринде: 

- 3-пунктундагы “Ушул эрежелердин” деген сөздөр “Ушул токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 - 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

 - 12-пунктунда: биринчи абзацындагы “, ошондой эле жеңилдиктүү шарттарда же акысыз берилген рецепттер да”  деген сөздөр алып салынсын; 

үчүнчү абзацындагы “, ошондой эле акысыз жана жеңилдетилген негизде берилген дары-дармек каражаттарына рецепттер” деген сөздөр алып салынсын; 

121-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; - 13-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 

6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рецепттик бланктарды сактоо тартиби жөнүндө нускамада:

 - 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“Саламаттык сактоо уюмдарын жана жеке практикадагы дарыгерлерди ушул токтом менен бекитилген  ЛС-1 формадагы рецепттик бланк менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленген үлгү боюнча жүргүзүлөт.”; 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                     М.Д.Абылгазиев