КР Министрлер Кабинетинин 29.09.23 ж. №517 токтому

Эпизоотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз  кылуу жөнүндө

Эпизоотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 377 “Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) мамлекеттик тилдеги аталышындагы жана 1-пунктундагы “ооруларын” деген сөз “ылаңынын” деген сөзгө алмаштырылсын; 

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Малдын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарда:

– 2-пунктта:

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптар –жаныбарлардын жугуштуу, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ылаңдардын козгогучтарын жана ветеринардык-санитардык жактан коркунучтуу болгон жаныбарлардан алынган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүгө жана таралышына жол бербөөгө багытталган, ветеринардык контролдоо жана көзөмөлдөө объекттерине коюлуучу талаптар;”;

төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

“мал көмүлүүчү жай – сибирь жарасын кошпогондо, өзгөчө коркунучтуу ылаңдардан өлгөн же алардын таралышын алдын алуу тартибинде союлган жаныбарлардын өлүктөрүн, же алардын биологиялык калдыктарын көмүү үчүн атайын жер чуңкурлары (траншеялар) жана (же) биотермикалык чуңкурлар (Беккари чуңкурлары) менен жабдылган, тосмосу бар, ушул Талаптарга ылайык аныкталган жер участогу;

сибирь жарасынын очогу – сибирь жарасынан өлгөн жаныбарлардын өлүктөрү же алардын биологиялык калдыктары көмүлгөн жана/же сибирь жарасынын козгогучу аныкталган жер;”;

  1. 12-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“12. Биологиялык калдыктардын коопсуздугуна, анын ичинде жаратылыш жана техногендик алааматтардын учурунда пайда болгондорго карата ветеринардык-санитардык талаптар

111. Мал чарба ишканаларынын, жаныбарлардан алынган азыктарды кайра иштетүү боюнча ишканалардын ишинин натыйжасында, ошондой эле жаратылыш жана техногендик алааматтарда пайда болгон биологиялык калдыктар чогултулууга, утилдештирилүүгө жана жок кылынууга тийиш.

Биологиялык калдыктарды чогултуу, утилдештирүү жана жок кылуу чарба жүргүзүү ыкмасына карабастан жаныбарлардын ээлеринин, ошондой эле менчиктин бардык түрүндөгү, жаныбарларды, жаныбарлар үчүн тоюттарды жана жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүгө тартылган уюмдардын, ишканалардын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.

Биологиялык калдыктарды утилдештирүү жана жок кылуу жаныбарлардын ылаңдарынын келип чыгышын жана таралышын алдын алууну толук камсыз кылган жана курчап турган чөйрөгө зыяндуу таасирди жокко чыгарган шартта жүргүзүлөт.

Сибирь жарасы, эмфизематоздук карбункул, бодо малдын чумасы, төөлөрдүн чумасы, кутурма, туляремия, тырышма, жаман оорунун шишиги, бодо малдын жана койлордун катаралдык калтыратмасы, чочколордун африкалык чумасы, ботулизм, маңка, эпизоотиялык лимфангоит, меилоидоз (жалган маңка), миксоматоз, коёндордун геморрагиялык ылаңы, (канаттуулардын) чумасы, Кыргыз Республикасынын аймагында мурда катталбаган ылаңдар жуккан же алардын козгогучтары менен контаминацияланган биологиялык калдыктар ошол жерде, ошондой эле өлүктөрдү өрттөөчү мештерде (крематорийлерде) же атайын бөлүнгөн аянтчаларда өрттөлөт. Энцефалопатиянын, аденамотоздун, висна-маэдинин козгогучтарын жуктургандар эт-сөөк унуна кайра иштетилет же өрттөлөт.

Биологиялык калдыктардын 1х1 ОЕ – 6 Кю/кг жана андан ашык дозада биологиялык калдыктардын радиоактивдүү булгануусунда алар радиоактивдүү калдыктарга коюлуучу талаптарга ылайык атайын сактоочу жайларга көмүлүүгө тийиш.

112. Биологиялык калдыктар аларды утилдештиргенге же жок кылганга чейин жабык, атайын жабдылган жайларда же жабык, ным өтпөй турган идиштерде бөтөн адамдар, иттер, мышыктар, чычкан сымал кемирүүчүлөр жана чымындар кире албай турган жерлерде сакталат. Биологиялык калдыктар транспорт каражатына жүктөлгөндөн кийин калдыктар жаткан жер жана пайдаланылган шаймандар дезинфекцияланат.

Фермалардан жана жаныбарлардан алынган азыктарды кайра иштетүү боюнча ишканалардан чыккан суюк биологиялык калдыктар, саркынды суулар сакталууга жана зыянсыздандырылууга тийиш.

113. Биологиялык калдыктарды утилдештирүү жана жок кылуу жерине транспорттоо атайын жабдылган транспорт (өлүк ташуучу машиналар) же кузову ным өткөрбөй турган, саман, таарынды же дезинфекциялык каражаттарга чыланган башка ным сиңирүүчү материалдар төшөлгөн автомашиналарда жүргүзүлүүгө тийиш.

Аз сандагы биологиялык калдыктарды ташуу бекем жабылган, ным өтпөй турган сыйымдуулуктарда аларды жок кылуу үчүн жооптуу адамдын коштоосунда жүргүзүлөт.

Малдын өлүгүн, биологиялык калдыктарды ташуу, жүктөө жана түшүрүү үчүн пайдаланылган транспорт, ошондой эле техникалык каражаттар милдеттүү түрдө дезинфекцияланууга тийиш.

Малдын өлүгү автотранспортто, темир жол вагонунда же мал түшүрүлгөн жерде табылган учурда анын ээси жакын жердеги ветеринария боюнча мамлекеттик органга кайрылууга милдеттүү.

114. Мал чарба фермаларынын, чарбалардын биологиялык калдыктарын, сибирь жарасынан өлгөн жаныбарларды жана алардын биологиялык калдыктарын кошпогондо, малдын өлүктөрү, өлгөн төлдү, конфискаттарды, азык-түлүк базарларындагы, дүкөндөрдөгү, коомдук тамактануу жайларындагы азыктарды жок кылуу (зыянсыздандыруу) атайын жабдууларда же айырмалоочу белгилер коюлган биотермикалык чуңкурларда жүргүзүлөт.

115. Биологиялык калдыктарды жерге көмүү, таштандыга чыгаруу, сууга ыргытуу, таштанды контейнерлерине таштоо жолу менен жок кылууга тыюу салынат.

116. Жаратылыш же техногендик кырсыктардын кесепетинен улам жаныбарлар жапырт кырылганда жана ветеринардык-санитардык заводдор жок болгондо жана эгерде биологиялык калдыктарды (малдын өлүктөрүн) жок кылуунун башка ыкмалары техникалык жактан мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда ветеринардык жана санитардык көзөмөл органдарынын чечими менен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо органдарынын макулдугу боюнча калдыктарды кийин жерге көмүү менен жердин рельефин, кыртыштагы суулардын жаткан тереңдигин жана башка факторлорду эске алуу, көмүлгөн жерлерге айырмалоочу белгилерди орнотуу менен өрттөөгө жол берилет.

117. Сибирь жарасынан өлгөн жаныбарларды жана алардын биологиялык калдыктарын кошпогондо, биологиялык калдыктарды жок кылуу үчүн жегич натрийди же калийдин гидрокычкылын, ошондой эле толук коопсуздукту кепилдеген башка ыкмаларды пайдалануу менен кийин аларды биотермикалык чуңкурга таштоо менен щелочтуу гидролизди колдонууга уруксат берилет.

Мал чарба фермаларындагы, чарбалардагы кык биотермикалык ыкма же өрттөө менен зыянсыздандырылууга тийиш.

118. Биологиялык калдыктарды утилдештирүү жана жок кылуу жүргүзүлүп жаткан объекттер колдонулган ыкмаларга карабастан мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн эсебине алынууга тийиш.

119. Көмүү үчүн тандалып алынган жерде кеминде 2 метр тереңдикте траншея казылат. Траншеянын узундугу жана кеңдиги малдын өлүгүнүн санына жараша болот, чуңкурдун кургак хлордуу акиташ же 1 м2 аянтка 2 кг эсебинде кеминде 25 % активдүү хлор кошулган дезинфекциялоочу каражат себилет. Мал көмүлгөн жерге бийиктиги 1 м кем эмес дөбө жасалат жана анын бийиктиги кеминде  2 метр жылчыксыз тосмо менен тосулат. Бул жерге мындан ары башка көмүү жүргүзүлбөйт.

120. Патологиялык материалды диагноздук изилдөөдө оору жуккан же эксперименттик оору жуктурулган лабораториялык малдын өлүктөрү өрттөө жолу менен же 2 саат бою 2,0 атм. астында автоклавка салып зыянсыздандыруу менен жок кылынат, андан кийин зыянсыздандырылган калдыктар биотермикалык чуңкурга ташталат.

121. Биологиялык калдыктарды өрттөө ветеринардык адистин контролунда атайын өлүктөрдү өрттөөчү мештерде (крематорийлерде) же жерге казылган аңдарда (чуңкурларда) күйбөй турган органикалык эмес калдык калганга чейин жүргүзүлөт. Күлү жана башка органикалык эмес калдыктар өрттөө жүргүзүлгөн ошол эле чуңкурга көмүлөт.

122. Жаныбарлардын өлүктөрүн жана биологиялык калдыктарды чогултуу, сактоо, ташуу, утилдештирүү же жок кылуу боюнча ишке тартылган адамдар алардын коопсуздугун жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуучу чараларды сактоо маселелери боюнча инструктаждан өтүүгө тийиш.

123. Биологиялык калдыктар менен иштеген адамдар коргоочу кийим, кол каптар, маскалар, көз айнек, жуучу каражаттар менен камсыз болушу керек, зарыл болгон учурда эмдөөдөн өтүшү же вируска каршы препараттар менен камсыз болушу жана дайыма медициналык текшерүүдөн өтүп турушу керек.

124. Биологиялык калдыктар менен иштөөдө колдонулган коргонуу каражаттары (кийим, бут кийим ж.б.) зыянсыздандырылышы керек.

125. Мал көмүлүүчү жайды же өзүнчө турган биотермикалык чуңкурду куруу үчүн жер участогун тандоону жана бөлүүнү тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин мамлекеттик башкы ветеринардык инспекторунун сунушу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана айлана-чөйрөнү коргоо органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзөт.

126. Суу коргоочу, токой парк жана корук зоналарында мал көмүлгөн жерлерди (биотермикалык чуңкурларды) жайгаштырууга тыюу салынат.

127. Мал көмүлүүчү жайлар (биотермикалык чуңкурлар) аянты 600 м2 кем эмес кургак дөңсөө участокто жайгаштырылат. Жер астындагы суулардын туруу деңгээли жер бетинен 2 метрден кем болбошу керек.

128. Мал көмүлүүчү жайдан (биотермикалык чуңкурдан) санитардык-коргоо зонасынын өлчөмү:

– турак үйлөргө, коомдук имараттарга, мал чарбаларына (комплекстерге) чейин – 1000 метр;

– мал айдап чыгуучу жолго, жайыттарга чейин – 200 метр;

– автомобиль, темир жолдоруна чейин, алардын категориясына жараша – 50–300 метр.

129. Мал көмүлүүчү жайдын аймагы кирүүчү дарбазасы бар бийиктиги 2 метрден кем эмес жылчыксыз тосмо менен тосулат. Тосмонун ички тарабынын бүткүл периметри боюнча тереңдиги 0,8–1,4 метр жана туурасы 1,5 метрден кем эмес казып алынган топуракты үйүп траншея казылат. Траншея көпүрө менен жабылат.

130. Чуңкур 3 х 3 метр өлчөмүндө жана 10 метр тереңдикте казылат. Дубалдар суу өткөрбөй турган материалдан жасалып, жердин деңгээлинен 40 см бийиктикте көтөрүлүп, кайруу менен бекемделет. Жабуунун ортосунда капкагы бекем жабылган 30 х 30 см тешик калтырылат. Чуңкурдан диаметри 25 см жана бийиктиги 3 м сордуруучу түтүк чыгарылат.

131. Чуңкурдун үстүнө 2,5 метр бийиктикте узундугу 6 метр, туурасы 3 метр болгон бастырма курулат. Жанына өлүктөрдү союу, дезинфекциялык каражаттарды сактоо, инвентарь, кызматкерлердин атайын кийимдери үчүн жай курулат.

132. Курулган мал көмүүчү жайды (биотермикалык чуңкурду) кабыл алуу ветеринардык контролдоо жана көзөмөлдөө мамлекеттик органдарынын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кабыл алуу актысын түзүү менен жүргүзүлөт.

133. Мал көмүүчү жайлардын дарбазалары жана биотермикалык чуңкурлардын капкактары кулпулар менен бекитилет, алардын ачкычтары атайын дайындалган адамдарда сакталат.

134. Биотермикалык чуңкурду кайра колдонууга биотермикалык калдыктар акыркы жолу ташталгандан 2 жылдан кийин жол берилет. Чуңкур тазалангандан кийин анын абалы текшерилет жана зарыл болгон учурда оңдоо жүргүзүлөт.

135. Мал көмүлүүчү жайдын (биотермикалык чуңкурдун) аймагында мал жаюуга, чөп чабууга, топуракты алууга жана анын чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салынат.

136. Эски мал көмүлүүчү жайлардын төмөн басырылып калган топурагы жердин үстүнөн 0,5 метрден кем эмес деңгээлге чейин калыбына келтирилүүгө тийиш.

137. Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун уруксаты менен, эгерде биотермикалык чуңкурга акыркы жолу көмүлгөн учурдан тартып 2 жылдан кем эмес, ал эми жер чуңкуруна 25 жылдан кем эмес убакыт өтсө, сибирь жарасына кыртыштын сынамыгынын терс лабораториялык анализи болгон шартта мал көмүлүүчү жайдын аймагын өнөр жай курулушу үчүн пайдаланууга жол берилет. Өнөр жай объекти жаныбарларды багуу, тамак-аш продукттарын жана тоюттарды кабыл алуу, өндүрүү жана кайра иштетүү менен байланышпоого тийиш.

138. Гидрокурулмаларды курууда мал көмүлүүчү жайды жаан-чачын суулары каптаган учурда анын аймагында 2 метрден кем эмес терең траншеясы менен арык казылат. Казып алынган топурак мал көмүлүүчү жайдын аймагына жайгаштырылат.

139. Ушул Талаптарга ылайык мал көмүлүүчү жайды (биотермикалык чуңкурду) курууга, санитардык абалы үчүн жоопкерчилик жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ушул объекттер карамагында турган уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.

140. Биологиялык калдыктарды утилдештирүү жана жок кылуу жерлерине чогултуу, сактоо, ташуу, биологиялык калдыктар менен иштеген адамдарды коргоо каражаттары менен камсыз кылуу, биологиялык калдыктарды чарбакер субъекттердин каражаттарынын эсебинен адистештирилген түзүлүштөрдө өрттөө жолу же башка жок кылуу методдору менен жок кылуу камсыз кылынат.

141. Жаңы ачылган, иштеп жаткан жана жабылган жана өзүнчө турган мал көмүлүүчү жайлар (биотермикалык чуңкурлар) ветеринария боюнча мамлекеттик орган тарабынан эсепке алынат. Аларга жеке номер берилет жана ушул Талаптардын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ветеринардык-санитардык карточка таризделет.

142. Ушул Талаптарды бузган адамдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

143. Сибирь жарасы чыккан учурда сибирь жарасынан өлгөн жаныбардын өлүгү жана анын биологиялык калдыктары жеринде же атайын өлүктү өрттөөчү мештерде (крематорийлерде) ветеринардык адистин контролдугунда өрттөлөт. Күлү 5–10 %дан кем эмес хлор акиташынын эритмеси менен зыянсыздандырылат жана жер чуңкуруна көмүлөт. Жаныбардын өлүгүн атайын өлүктү өрттөөчү мештерде (крематорийлерде) өрттөгөн учурда анын күлү жана калдыктары биотермикалык чуңкурга (Беккари чуңкуруна) салынат.   

144. Сибирь жарасынын очогунун көмүлгөн аянты ар бир өлгөн жаныбарга 3 х 3 метрден кем эмес болот, ал эми чуңкурдун тереңдиги 2 метрден кем болбошу керек. Сибирь жарасынын очогунун үстү 40 см кем эмес калыңдыкта бетондолот, бардык периметри боюнча адамдардын жана жаныбарлардын кокустан кирүүсүнө жол бербеген темир тосмо же бийиктиги 2 метр бетон тосмолор орнотулат жана аларга сибирь жарасынын очогу чыккан күн, жаныбардын түрү көрсөтүлгөн эскертүүчү табличка жана “Өтө коркунучтуу! Сибирь жарасынын очогу!” деген белги коюлат.

145. Жаныбардын өлүгүн, анын калдыктарын жана топуракты алып чыгууга, ошондой эле башка жерге көмүүгө тыюу салынат.

146. Сибирь жарасынын очогун аныктоонун эскирүү мөөнөтүнө жараша жана алардын ветеринардык-санитардык, эпизоотиялык жана эпидемиологиялык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен сибирь жарасынын очоктору төмөнкү 4 топко бөлүнөт жана алардын санитардык-коргоо зоналарынын төмөнкү минималдуу өлчөмдөрү белгиленет:

1) сибирь жарасынын 1-топтогу өзгөчө коркунучтуу очоктору: аныкталган күндөн тартып мөөнөтү 25 жылга чейинки сибирь жарасынын очоктору. Сибирь жарасынын очогунан турак үйлөргө, коомдук имараттарга, социалдык объекттерге, мал чарба фермаларына (комплекстерине), өнөр жай объекттерине, кампаларга чейинки санитардык-коргоо зонасынын өлчөмү – 1000 метр; 

2) сибирь жарасынын 2-топтогу коркунучтуу очоктору: алар аныкталган күндөн тартып 25 жылдан 50 жылга чейин эскирүү мөөнөтү бар сибирь жарасынын очоктору. Сибирь жарасынын очогунун санитардык абалын жана аны зыянсыздандырууга чейин жана андан кийинки лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен турак үйлөргө, коомдук имараттарга, социалдык объекттерге, мал чарба фермаларына (комплекстерине), мал базарларга жана мал союучу жайларга, өнөр жай объекттерине, кампаларга чейинки алардын санитардык-коргоо зоналарынын төмөнкү минималдуу өлчөмдөрү белгиленет – 500 метр;

3) сибирь жарасынын 3-топтогу эски очоктору: мөөнөтү аныкталган күндөн тартып 50 жылдан 70 жылга чейинки сибирь жарасынын очоктору. Сибирь жарасынын очогунун санитардык абалын жана аны зыянсыздандырууга чейин жана андан кийинки лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен алардын санитардык-коргоо зоналарынын төмөнкү минималдуу өлчөмдөрү белгиленет:

         – турак үйлөргө, коомдук имараттарга, социалдык объекттерге, мал чарбаларына (комплекстерге), мал базарларга жана мал союучу жайларга  чейин – 300 метр;

– өнөр жай объекттерине, кампаларга чейин – 150 метр;

4) сибирь жарасынын 4-топтогу илгерки очоктору: 70 жылдан ашык сакталып турган сибирь жарасынын очоктору. Сибирь жарасынын очогунун санитардык абалын жана аны зыянсыздандырууга чейин жана андан кийинки лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен алардын санитардык-коргоо зоналарынын төмөнкү минималдуу өлчөмдөрү белгиленет:

– турак үйлөргө, коомдук имараттарга, социалдык объекттерге, мал чарба фермаларына (комплекстерине) чейин – 100 метр;

– өнөр жай объекттерине, кампаларга чейин – 70 метр.

147. Сибирь жарасынын очогунун аймагында чарба жүргүзүүгө, мал багууга, мал жаюуга, гидротехникалык курулмаларды курууга, чөп чабууга, топуракты алууга жана анын чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салынат.

148. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер участогун бөлүп берүүдө, пайдаланууга берүүдө, курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун тандоодо жана архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан жер участокторуна укуктарды берүүгө тиешелүү документтерди даярдоодо ветеринария, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, айлана-чөйрөнү коргоо, кадастр боюнча мамлекеттик органдардын корутундусу зарыл.

149. Ветеринария боюнча мамлекеттик орган жылына эки жолу –жазында жана күзүндө сибирь жарасынын очокторуна мониторинг жүргүзүп, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн топурактан (жер кыртышынан) үлгүлөрдү алып, сибирь жарасынын козгогучуна текшерет.

150. Аныкталган сибирь жарасынын очогу боюнча тиешелүү административдик аймактын жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен комиссиянын курамы түзүлөт, анын курамына  ветеринария боюнча мамлекеттик органдын, ооруларды профилактикалоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү кирет жана ушул Талаптардын 11-тиркемесине ылайык форма боюнча паспорт таризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүлүп берилет.

Сибирь жарасынын очокторунун санитардык абалы үчүн жоопкерчилик жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.

         151. Ушул главанын талаптарын бузган жактар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.”;

         – жогоруда аталган талаптардын 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

         – ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы  11-тиркеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын  11-апрелиндеги № 201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдеринде:

         жогоруда аталган эрежелердин жана ченемдердин 1-тиркемесинин 12-главасында:

         – 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

         “1. I класс – санитардык-коргоочу зона – 1000 метр;

         1) 1–2-класстардагы коркунучтагы өндүрүштүн жана керектөөнүн уулуу калдыктарын жайгаштыруу, зыянсыздандыруу, көмүү боюнча полигондор;

         2) ассенизациялоо талаалары жана айдоо талаалары;

         3) жаныбарлардын өлүктөрүн өрттөөчү мештерди (крематорийлерди) кошпогондо, бирден ашык сандагы меши болгон крематорийлер;

         4) жылына 40 миң тоннадан ашык кубаттуулуктагы таштанды күйгүзүүчү, таштанды сорттоочу жана таштандыны кайра иштетүүчү объекттер;

         5) 40 гадан ашык аянттагы аралаш жана салттуу көмүү көрүстөндөрү.”;

         – 2-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып тогуз айлык мөөнөттө:

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында сибирь жарасынын очокторуна инвентаризация жүргүзсүн;

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен биргеликте сибирь жарасынын ар бир очогуна ветеринардык-санитардык, эпидемиологиялык мүнөздөмө берсин;

– республиканын бүткүл аймагында сибирь жарасынын очокторун паспорттоштурууну жүзөгө ашырсын;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык сибирь жарасына каршы күрөшүү боюнча нускаманын долбоорун иштеп чыксын жана аны бекитүүнү камсыз кылсын.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туруктуу негизде айыл өкмөтүнүн аймагындагы сибирь жарасынын очокторун талаптагыдай санитардык абалда кармоо боюнча иштерди жүргүзүүнү, анын ичинде бетондоону, тосууну жана таануу белгилерин орнотууну камсыз кылсын жана аларды колдонуудагы ветеринардык-санитардык эрежелердин талаптарына ылайык келтирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                       А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу