КР Министрлер Кабинетинин 05.10.23 ж. №519 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Көмүргө жана мазутка баалардын туура түзүлүшүнө жана аларды чарбакер субъекттер тарабынан колдонулушуна мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,
 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3) Балыкчы шаарынын жүктөө-түшүрүү аянтчасында темир жол транспортуна көмүрдү кайра жүктөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы берген материалдарга (эсептөөлөргө) ылайык белгилесин, ал Көмүр казуучу компаниялардын шериктигинин бардык катышуучуларына жайылтылат;”;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

“51. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) күйүүчү-майлоочу жана башка сарпталуучу материалдардын наркы өзгөргөн (көбөйгөн же азайган) учурда
 5-пункттун 1, 3, 4-пунктчаларына ылайык белгиленген бааларды (кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын) кайра кароого (кайра бекитүүгө);

2) 5-пункттун 1, 3, 4-пунктчаларына ылайык белгиленген бааларды (кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууга.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                    А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу