КР Министрлер Кабинетинин 05.10.23 ж. №522 токтому

2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмунун өкмөттөрүнүн ортосунда жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмунун өкмөттөрүнүн ортосунда жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүү жөнүндө тиркелген макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгына кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу