КР Министрлер Кабинетинин 09.10.23 ж. №533 токтому

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине,  «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 21, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы»  ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. 2023-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун акционери катары ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берилсин.

3. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы»  ачык акционердик коому үч айлык мөөнөттө ички ченемдик документтерин ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык келтирсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу