КР Министрлер Кабинетинин 12.10.23 ж. №546 токтому

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн
 6-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. «Учкун» ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоого ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

– ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 222 «Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                       А.У. Жапаров


Тиркеме


Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү 

уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу 

тартиби

1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.

2. Ушул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр:

1) сатып алуучу уюм – билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери, жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алуулар үчүн жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын, ошондой эле окуу китептерин ижарага берүүдөн чогултулган каражаттарды пайдалануучу уюмдар жана мекемелер;

2) методикалык колдонмо – окуу китебинин же окуу куралынын концептуалдык негиздерин жана жалпы билим берүү уюмунун мугалими үчүн предметти окутуунун методикасы, окуу предмети же анын бөлүмү боюнча айрым сабактарды пландоо, өткөрүү жана окуп жаткандардын билим берүү натыйжаларын баалоо, ошондой эле жумушчу дептерди жана/же окуу-методикалык комплекстин башка курамдык бөлүктөрүн пайдалануу боюнча сунуштарды камтыган басылма;

3) окуу китеби – окутуунун көп функциялуу каражаты, ал окуу предметинин, анын бөлүмдөрүнүн жана бөлүктөрүнүн системалаштырылган баяндалышын камтыйт, мугалимге окуу процессинде окуучулардын ишин уюштурууга жардам берет жана Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына жана колдонуудагы предметтик стандарттарга ылайык келет;

4) окуу куралы – билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жалпы билим берүүнүн окуу программаларын ишке ашырууда пайдаланууга уруксат берилген окуу китебин толуктаган же алмаштырган көмөкчү окуу басылмасы;

5) окуу-методикалык комплекс – мамлекеттик стандарттарга ылайык бирдиктүү методологиялык негизде иштелип чыккан, белгилүү бир класста окутуу процессин уюштуруу үчүн зарыл жана жетиштүү болгон окуу-методикалык материалдардын жыйындысы. Окуу-методикалык комплекске сөзсүз түрдө окуу китеби (окуу куралы), окуучу үчүн жумушчу дептер жана мугалим үчүн методикалык колдонмо кирет, ошондой эле окутуунун жана контролдоонун башка каражаттары да камтылышы мүмкүн;

6) окуу материалдары – учурдагы окуу жылына Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмесине киргизилген, колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына жана колдонуудагы предметтик стандарттарга ылайык келген окуу китептери, окуу куралдары, методикалык колдонмолор, окуу-методикалык комплекстер.

2-глава. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү тартиби

3. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар (мындан ары – кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) «Учкун» ачык акционердик коому (мындан ары – Даярдоочу) менен контракт түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

4. Жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарына муктаждык жалпы билим берүү уюмдарынын расмий өтүнмөлөрдүн, ошондой эле билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде сатып алуучу уюм тарабынан аныкталат.

5. Автордук сый акыларды милдеттүү төлөөлөрдү, басма жана типографиялык иштерге чыгымдарды, чыгымдык материалдардын наркын, ошондой эле окуу материалдарын белгиленген жерге чейин жеткирүүгө чыгымдарды камтыган окуу материалдарын даярдоо (тираждоо) боюнча типографиялык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын калькуляциясы Даярдоочу тарабынан даярдалат жана монополияны жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат. 

6. Типографиялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу контракты окуу материалдарын даярдоого (тираждоого) техникалык спецификацияны, типографиялык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын калькуляциясын, окуу материалдарын бөлүштүрүү планын, окуу материалдарын белгиленген жерге чейин жеткирүү графигин, акы төлөө ыкмаларын жана тартибин, окуу материалынын сигналдык нускаларын жана даяр продукцияны берүү мөөнөттөрүн, ошондой эле тараптардын макулдашуусу боюнча башка шарттарды милдеттүү түрдө камтууга тийиш.

7. Контракт түзүлгөндөн кийин билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органга таандык болгон окуу материалдарынын электрондук файлдарын, мүлктүк укуктарды Даярдоочуга өткөрүп берет. 

8. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарын, ошондой эле окуу китептерин ижарага берүүдөн чогулган каражаттарды пайдалануучу сатып алуучу уюмдар расмий кайрылуу аркылуу даярдоону (тираждоону) жүзөгө ашыруучу Даярдоочу окуу материалдарынын тизмегин билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан сурайт. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үч жумуш күндүн ичинде суроо-талапка расмий жооп берет.

9. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын, ошондой эле окуу китептерин ижарага берүүдөн чогулган каражаттарды пайдалануучу сатып алуучу уюмдар, даярдоону (тираждоону) жүзөгө ашыруучу Даярдоочу окуу материалдарынын тизмегин билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алгандан кийин Даярдоочу менен даярдоого (тираждоого) контракт түзөт. Даярдоочу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын, ошондой эле окуу китептерин ижарага берүүдөн чогулган каражаттарды пайдалануучу сатып алуучу уюмдар менен даярдоого (тираждоого) контракт түзгөндөн кийин окуу китептеринин электрондук файлдарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан сурайт.

10. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Даярдоочуга төмөнкү окуу материалдары өткөрүп берилет:

1) басууга даяр болгон;

2) 30 % ашпаган көлөмдө басма жагынан жеткире иштеп чыгууну талап кылган;

3) колдонуудагы предметтик стандарттардын негизинде автордук жамаат тарабынан иштелип чыккан. 

11. Даярдоочу окуу материалынын электрондук файлдарын алгандан кийин зарыл басма иштерин жүргүзөт, окуу материалынын сигналдык нускасын даярдайт жана аны сатып алуучу уюмга өткөрүп берет.

12. Окуу материалынын сигналдык нускасы сатып алуучу уюм тарабынан бекитилгенден кийин Даярдоочу окуу материалдарын зарыл болгон санда тираждайт жана аларды контракттын шарттарына ылайык жеткирип берет.

13. Даярдоочу окуу материалдарын даярдоонун сапаты жана алардын техникалык спецификацияга ылайык келиши, ошондой эле дайындалган жерге жеткирүүдө алардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

14. Ар кандай каталар табылган учурда жана сатып алуучу уюм тарабынан бекитилген окуу материалынын сигналдык нускасы менен басылып чыккан окуу материалдарынын ортосундагы маалыматтар айырмаланган учурда Даярдоочу окуу материалдарын толук алмаштырууну жүргүзөт.

15. Сатып алуучу уюм менен Даярдоочунун ортосундагы талаш-тартыштар жазуу жүзүндө даттануу берүү аркылуу чечилет. Мындай даттануу үч жумуш күндүн ичинде каралууга тийиш. Даттанууну көрсөтүлгөн мөөнөттө кароо мүмкүн болбогон учурда сатып алуучу уюм же Даярдоочу даттанууну кароонун мөөнөтүн көрсөтүү менен экинчи тарапка билдирүү жиберет.

16. Сатып алуучу уюм же Даярдоочу даттануу боюнча чечимге макул болбогон учурда талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.

Тиркемелер

Басып чыгаруу