КР Министрлер Кабинетинин 19.10.2023-ж. № 553 токтому

2023-жылдын 22-августунда Москва шаарында кол коюлган 2009-жылдын 11-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосундагы кыйыр салыктардын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдө маалымат алмашуу тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу


Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинеКыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


1. 2023-жылдын 22-августунда Москва шаарында кол коюлган 2009-жылдын 11-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосундагы кыйыр салыктардын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдө маалымат алмашуу тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө расмий тилдеги протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 300 “2019-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, 2009-жылдын 11-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосундагы кыйыр салыктардын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдө маалымат алмашуу тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.

4Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу