Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 “Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Дыйкан жана мал чарба чөйрөсүндөгү илимий-изилдөө институттардын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 “Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтун, 51 бирдик штаттык саны жана 21 бирдик техникалык жана тейлөөчү персоналы, 2018-жылга тиешелүү бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен;”;
- үчүнчү абзацындагы “анын ичинде, 21 бирдик” деген сөздөр жана цифралар “21 бирдик” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев