КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 258 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  30-декабрындагы № 767 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын балансына атайын жабдылган 16 нөөмөттүк автотранспорт  алууга уруксат берилет.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр 

М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу