КР Министрлер Кабинетинин 17.12.21 ж. №311 токтому

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин

ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү

тартибин бекитүү жөнүндө 


Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-июлундагы № 72  Мыйзамы менен ратификацияланган, 2016-жылдын 20-майында Ереван шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында,  “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө   уруксат берүүчү документти берүү тартиби (мындан ары – Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды  алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүүгө ыйгарым укук берилсин. 

3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн уруксат берүүчү документ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүү мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө эксперттик корутундусунун негизинде берилет деп белгиленсин. 

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Төрага                                                                            А.У. Жапаров

Тиркеме 

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө  уруксат берүүчү документти берүү тартиби

1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-июлундагы № 72 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2016-жылдын 20-майында Ереван шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууга (мындан ары – Макулдашуу) ылайык иштелип чыкты. 

2. Бул Тартип Евразия экономикалык бирлигине мүчө  мамлекеттердин ортосунда  кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө жана ички транзитке уруксат берүүчү документти берүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. 

3. Бул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

ички транзит – кызматтык жана (же) жарандык куралды Евразия экономикалык бирлигинин бир мүчө мамлекетинин аймагына башка мүчө мамлекеттин аймагынан үчүнчү мүчө мамлекеттин аймагы аркылуу ташып келүү (ташып чыгуу), ошондой эле кызматтык жана (же) жарандык куралды бир мүчө мамлекеттин аймагынын бөлүгүнөн анын аймагынын башка бөлүгүнө башка мүчө мамлекеттин аймагы аркылуу ташып келүү (ташып чыгуу);  

арыз ээси – уруксат берүүчү документти алуу жөнүндө арыз менен кайрылган юридикалык жак же жеке жак, анын ичинде жеке ишкер катары катталган жак;

компетенттүү орган – мүчө мамлекеттин уруксат берүүчү документтерди ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;

алып өтүү – кызматтык жана (же) жарандык куралды Кыргыз Республикасынын аймагына башка мүчө мамлекеттин аймагынан ташып келүү (ташып чыгуу); 

уруксат берүүчү документ – кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө жана ички транзитке болгон укукту ырастоочу документ;  

кызматтык жана (же) жарандык курал – кызматтык жана (же) жарандык курал, анын негизги (курамдык) бөлүктөрү жана алардын октору, ошондой эле мүчө мамлекеттердин биринде каттоо эсебинде турган, үчүнчү өлкөлөр менен соода кылууда тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулуучу товарлардын бирдиктүү тизмесинин 1.6 жана 2.22-бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маданий баалуулукка ээ болгон курал; 

4. Ушул Тартиптин колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылат: 

– кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүнү жана ички транзитти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарга;

  • жеке ишкерлер катары катталган, жеке ишкердик ишине байланыштуу кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүнү жана ички транзитти жүзөгө ашыруучу жеке жактарга;

– сыйлоо документтеринин негизинде алынган кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүнү жана ички транзитти жүзөгө ашыруучу жеке жактарга.

5. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүү жана ички транзит Макулдашуунун 5-беренесинде каралган учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

6. Аңчылыкка катышууда пайдалануу үчүн жеке жактарга таандык болгон жарандык куралды алардын алып өтүүсү жана ички транзити Макулдашуунун 6-беренесинде каралган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылат.

7. Уруксат берүүчү документтер компетенттүү орган тарабынан берилет.

8. Уруксат берүүчү документти алуу үчүн арыз ээси же тиешелүү ыйгарым укуктарын жазуу жүзүндө ырастоого ээ анын өкүлү компетенттүү органга төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берет:

1) уруксат берүүчү документти алууга арызды;

2) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын
 2012-жылдын 16-майындагы № 45 чечими менен бекитилген форма боюнча толтурулган уруксат берүүчү документти; 

3) иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашырууга лицензиянын көчүрмөсүн; 

4) тышкы соода келишиминин (контракттын), анын тиркемесинин жана (же) толуктоонун көчүрмөсүн, ал эми тышкы соода келишими (контракт) жок учурда – тараптардын каалоосун ырастоочу башка документтин көчүрмөсүн;

5) салык органында эсепке алуу жөнүндө документтин көчүрмөсүн;

6) ички иштер органдарынын уруксат берүүчү документинин көчүрмөсүн (сатып алуу үчүн);

7) Евразия экономикалык бирлигинин шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн же куралды ташып келгенден кийин аны белгиленген тартипте сертификациялоону жүргүзүү жөнүндө милдеттенмени;

8) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүү мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө эксперттик корутундунун түп нускасын;

9) уруксат берүүчү документти берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө документтин көчүрмөсүн.

9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлоо документтеринин негизинде алынган кызматтык жана (же) жарандык куралды алып жүрүүнү жана ички транзитти жүзөгө ашыруучу жеке жактар компетенттүү органга төмөнкүдөй документтерди жана маалыматтарды берет: 

1) уруксат берүүчү документти алууга арызды (эркин формада);

2) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын
 2012-жылдын 16-майындагы № 45 чечими менен бекитилген форма боюнча толтурулган уруксат берүүчү документти; 

3) тышкы соода келишиминин (контракттын), анын тиркемесинин жана (же) толуктоонун көчүрмөсүн, ал эми тышкы соода келишими (контракт) жок учурда – тараптардын каалоосун ырастоочу башка документтин көчүрмөсүн;

4) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүү мүмкүндүгү жөнүндө эксперттик корутундунун түп нускасын;

5) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрүн;

6) уруксат берүүчү документти берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө документтин көчүрмөсүн;

7) Евразия экономикалык бирлигинин шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн же куралды ташып келгенден кийин аны белгиленген тартипте сертификациялоону жүргүзүү жөнүндө милдеттенмени.

10. Документтердин берилген көчүрмөлөрүнүн ар бир барагы күбөлөндүрүлүүгө тийиш:

юридикалык жактар үчүн – арыз ээсинин колтамгасы жана мөөрү менен же болбосо документтердин көчүрмөлөрү көктөлүүгө жана алардын акыркы барактары арыз ээсинин колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш;

жеке жактар үчүн – арыз ээсинин колтамгасы менен.

11. Уруксат берүүчү документти же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоону берүү компетенттүү орган тарабынан документтер берилген күндөн тартып 15 жумуш күнүнүн ичинде жүзөгө ашырылат.

12. Төмөнкү негиздер болгон учурда уруксат берүүчү документти берүүдөн баш тартылат:

а) ушул Тартиптин 8 жана 9-пункттарында каралган документтерди бербөө;

б) уруксат берүүчү документти алуу үчүн берилген документтерде толук эмес же так эмес маалыматтардын болушу;

в) кызматтык жана (же) жарандык куралды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы боюнча алып өтүү жана  ички транзит мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө терс эксперттик корутунду болгондо. 

13. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уруксат берүүчү документти берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди даттанууга укуктуу.

Тиркемелер

Басып чыгаруу