Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36 жана 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелери,
2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 537 “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласы “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36 жана 43-беренелерине” деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелеринде:
- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын каражаттарды “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинде, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-главасында каралган учурларда жана тартипте гана колдонууга укуктуу.”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 3- пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 606 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 “Кыргыз Республикасынын Бажы Кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 157 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 “Кыргыз Республикасынын Бажы Кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 2-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 “Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев