КР Министрлер Кабинетинин 17.11.23 ж. №608 токтому

Кыргыз Республикасынын 2022-жылга  республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 116-беренесинин
 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчету эске алынсын. 

2. Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин. 

3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:

1) Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудиттин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жойсун;

2) Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетин аткарууда бузууларга жана кемчиликтерге жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мурдагы аудиттердин жыйынтыгы боюнча жазма буйруктарынын жана сунуштарынын аткарылбашына жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карасын;

3) Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштарын аткаруу боюнча иш-чаралардын ведомстволук планын (мындан ары – ведомстволук план) иштеп чыксын жана бекитсин;

4) ведомстволук планда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мурдагы аудиттердин жыйынтыгы боюнча аткарылбаган жазма буйруктарын жана сунуштарын аткаруу боюнча иш-чараларды карасын;

5) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар планын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин;

6) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына ведомстволук планды аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу