КР Министрлер Кабинетинин 05.12.23 ж. №648 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө


Тышкы соода операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн документтерди даярдоодо административдик жол-жоболорду оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157 “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жободо:

– 5-пунктта:

6-пунктчанын үчүнчү абзацы “продукцияга таандык экендигин ырастаган маалымат” деген сөздөрдөн кийин “, транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк, үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого эксперттик корутунду/уруксат берүүчү документ” деген сөздөр менен толукталсын; 

расмий тилдеги 8-пунктчада “заявление” деген сөз “заявку” деген сөзгө алмаштырылсын; 

төмөнкүдөй мазмундагы 19, 20-пунктчалар менен толукталсын:

 “19) “бирдиктүү терезе” принциби – бул тышкы экономикалык иштин катышуучуларына тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга контроль жүргүзүүдө кызыкдар мамлекеттик органдар жана башка уюмдар алардын компетенциясына ылайык андан ары пайдаланышы үчүн бирдиктүү өткөрүү каналы аркылуу стандартташтырылган түрдө документтерди бир жолу берүүгө мүмкүндүк берүүчү механизм;

20) кагаз документтин электрондук түрү (электрондук түр) – кагаз жүзүндөгү сканерленген документтин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизбестен, техникалык каражаттардын жардамы менен бир бүтүндүк катары электрондук формада түзүлгөн, кагаз жүзүндөгү документтин сканерленген же фотографиялык түрдө берилүүчү электрондук формадагы маалымат.”;

– 6-пунктта:

биринчи абзацтагы “жиберилиши мүмкүн” деген сөздөр “таризделиши/жиберилиши мүмкүн” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2) “БТМС оператору тарабынан – БТМС операторунун электрондук колтамгасы коюлган электрондук документ формасында, билдирме ээси кагаз жүзүндө берген коштомо документтердин электрондук түрлөрүн тиркөө менен. Берилген коштоочу документтер билдирме таризделгенден кийин билдирме ээсине кайтарып берилет.”;

– 18-пункттун 2-пунктчасында “берүү” деген сөз “билдирмени берүү жана/же берүү” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:

1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

1

Кыргыз  Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого/импорттоого лицензия 

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого/импорттоого уруксат

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого/импорттоого корутунду 

2





Кыргыз Республикасынын Айыл     чарба  министрлиги  

ЕАЭБдин 1, 2, 3 жана
 4-формаларындагы ветеринардык сертификаттары

5а, 5b, 5с, 5d, 5е, 5f, 5g формаларындагы ветеринардык сертификаттар

Мамлекеттик ветеринардык контролдун жана көзөмөлдүн контролдонуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу ташылуучу товарларды ташып келүүгө (импорттоого), ташып  чыгууга (экспорттоого) жана транзиттөөгө уруксаты

Фитосанитардык сертификат

Карантиндик фитосанитардык контроль актысы

”;

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

4

8

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Продукциянын дары каражаттарына жана медициналык багыттагы товарларга таандык экендигин ырастоочу маалымкат 

Дары каражаттарынын сапаты жөнүндө корутунду 

Медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду

Баңгизат каражаттарын/психотроптук заттарды/прекурсорлорду экспорттоого/импорттоого лицензия 

Баңгизат каражаттарын/психотроптук заттарды/прекурсорлорду экспорттоого/импорттоого уруксат

Продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк

Шайкештик жөнүндө декларация

”;

5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

8-пунктта “Финансы министрлиги” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик” деген сөздөргө алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-пункттар менен толукталсын:




«

11

Эксперттик уюмдар/ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар

Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого эксперттик корутунду/уруксат берүүчү документ







12

Аккредиттелген контроль органдары

Транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк


»

”.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасынын уставында:

– 28-пункт, 67-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

– 68-пункттун биринчи абзацында “Байкоочу кеңештин чечими боюнча” деген сөздөр алып салынсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                       А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу