«Элдик Курултайдын катчылыгы» мекемесин түзүү жөнүндө
Элдик Курултайдын ишин камсыз кылуу максатында, «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87,.164-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1..«Элдик Курултайдын катчылыгы» мекемеси (мындан ары – Катчылык) түзүлсүн.
2..«Элдик Курултайдын катчылыгы» мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3..Катчылык бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юстиция органдарында каттоодон өтсүн.
4..Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги зарыл болгон акча каражатын тапсын жана Катчылыктын ишин каржылоону белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.
5..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте Катчылыкты керектүү жайлар менен камсыз кылсын.
6..Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) белгиленген компетенциясынын чегинде Катчылыкка жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда ага зарыл болгон көмөктү көрсөтсүн.
7..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
–.ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 221-тиркеме менен толукталсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9..Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров