КР Министрлер Кабинетинин 21.12.23 ж. №689 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 221-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринде жана ченемдеринде:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“1. “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары – санитардык эрежелер) түрүнө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (мындан ары –МУ) балдарды тарбиялоо, окутуу, өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо, багуу жана кароо боюнча ишти жүзөгө ашырууда алардын ден соолугун коргоого багытталган.”;

– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Санитардык эрежелер төмөнкүлөргө жайылтылат:

– түрүнө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан иштеп жаткан, долбоорлонуучу, курулуучу жана реконструкциялануучу МУ объекттерине;

– юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар (жеке ишкерлер) да колдоно ала турган турак эмес жайларга.

Мында бул санитардык эрежелердин аймакты зоналаштыруу, кабаттуулугу, жайлардын топтому жана аянты бөлүгүндөгү талаптар ушул санитардык эрежелер кабыл алынганга чейин эксплуатациялоого берилген МУга жайылтылбайт.”;

– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“6. МУ жайларын багыты боюнча эмес пайдаланууга жол берилбейт.

Иштеп жаткан мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, эгерде уктоочу жайлар бүктөлүүчү, жыйналуучу жана/же суурма керебеттер, уктоочу жабдуулардын башка жеңил түрлөрү жана эмерек менен жабдылган болсо, уктоодон бош убакытта оюндарды, сабактарды өткөрүү жана тамак-аш ичүү үчүн пайдаланууга жол берилет.”;

– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“8. МУ имараттары ушул санитардык эрежелердин талаптарына ылайык турак райондордун ички кварталдык аймактарында жана/же шаардын көчөлөрүнөн, кварталдар аралык өтмөктөрдөн алыс аймактарда, ызы-чуунун жана атмосфералык абанын булганышынын жол берилген деңгээлин камсыз кылуучу аралыкка жайгаштырылат. МУ аймактарын бойлой өткөн же жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн болушуна карабастан балдар көп өтүүчү жол участокторунун алдында Жол кыймылынын эрежелерине ылайык “Балдар” жол белгиси коюлууга тийиш.”;

– 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“19. Оюн аймагынын зонасы ясли курагындагы бир балага 5,5 м2 кем эмес жана мектепке чейинки курактагы бир балага 7,2 м2 кем эмес эсебинде топтук оюн аянтчаларын камтыйт.”; 

– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“24. Балдарды күндөн жана жаан-чачындан коргоо үчүн МУ аймагында көлөкө чатырлары орнотулат.”; 

– 28-пункт “бассейндерди салууга” деген сөздөрдөн кийин “же жыйылма, үйлөнүүчү бассейндерди орнотууга” деген сөздөр менен толукталсын;

– 29, 56, 57, 210, 214, 276-пункттарда “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 34-пунктта “имараттан кеминде 25 м аралыкта чарба зонасында” деген сөздөр “атайын бөлүнгөн жерлерде” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 47-пунктта “кеминде 3 м” деген сөздөр “2,7 м кем эмес” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 50, 51-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“50. Топтук ячейкалардын курамына төмөнкүлөр кирет: 

– кийинип-чечинүүчү жай (балдарды кабыл алуу жана үстүнкү кийим-кечени сактоо үчүн);

– топтук (оюндарды, сабактарды өткөрүү жана тамак-аш ичүү үчүн, мында эгерде топтук жай бүктөлүүчү, жыйналуучу жана/же суурма керебеттер, уктоочу жабдуулардын башка жеңил түрлөрү жана эмерек менен жабдылган болсо, топтук уячаларды уктоочу жер менен бириктирүүгө жол берилет); 

– уктоочу жай (эгерде уктоочу жай бүктөлүүчү, жыйналуучу жана/же суурма керебеттер, уктоочу жабдуулардын башка жеңил түрлөрү жана эмерек менен жабдылган болсо, уктоодон бош убакта оюндарды, сабактарды өткөрүү жана тамак-аш ичүү үчүн пайдаланууга болот); 

– буфет (даяр тамактарды таратып берүүгө даярдоо жана ашкана идиш-аяктарын жуу үчүн);

– даараткана (жуунуучу жай менен бириктирилген).

51. Топтук ячейка жайларынын аянттары 1-таблицада келтирилген.

1-таблица 

Топтук ячейка жайларынын аянттары

Жайлардын аталышы

Жайлардын аянты

1

Кийинип-чечинүүчү жай

18 мкем эмес

2

Топтук (оюндар, сабактар жана балдардын тамак-аш ичүүсү үчүн)

2,5 м2 кем эмес – ясли топторундагы 1 балага жана 2,0 мкем эмес – мектепке чейинки топтордогу 1 балага, эмеректи жана аны жайгаштырууну эске албаганда 

3

Буфет

3,0 мкем эмес

4

Уктоочу жай

1,8 мкем эмес эсеп менен – ясли топторундагы 1 балага –
 жана 2,0 мкем эмес – мектепке чейинки топтордогу 1 балага, керебеттерди коюуда сырткы дубалдардан аралыкты эске албастан (керебеттерди коюу ушул санитардык эрежелердин 116-пункту менен жөнгө салынат), бүктөлүүчү керебеттерди пайдаланууда 1 балага эсеп 2,0 м2  төмөн болушу мүмкүн 

5

Даараткана

16 м2 кем эмес – мектепке чейинки топтор үчүн жана 12 м2 кем эмес – ясли топтору үчүн

”;

– 112-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Уктоочу жайлар стационардык керебеттер, ошондой эле орнотулган, бүктөлүүчү, жыйналуучу жана/же суурма керебеттер менен жабдылышы мүмкүн.”;

– 121-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“121. Долбоорлонуучу, реконструкциялануучу жана иштеп жаткан МУда уктоочу жайлар, эгерде уктоочу жай бүктөлүүчү, жыйналуучу жана/же суурма керебеттер, уктоочу жабдуулардын башка жеңил түрлөрү жана эмерек менен жабдылган болсо, уктоодон бош убакытта оюндарды, сабактарды өткөрүү жана тамак ичүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Мында желдетүү жана нымдуу тазалоо режими так сакталууга тийиш.”; 

– 122-пункттун экинчи сүйлөмүндө “3” деген цифра “2” деген цифрага алмаштырылсын;

– 142-пункт “борбордук” деген сөздөн кийин “же автономдук” деген сөздөр менен толукталсын;

– 249-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: “Өндүрүштүк жана кампалык жайларга бөтөн адамдардын кирүүсүнө тыюу салынат.”;

– 329-пунктта “үч” деген сөз “эки” деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары:

1) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;

2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                    А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу