КР Министрлер Кабинетинин 21.12.23 ж. №686 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 “Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 58-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 “Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленсин:

1) 2 жумуш күндүн ичинде – 1340 сом;

2) 1 жумуш күндүн ичинде – 3760 сом;

3) 3 сааттын ичинде – 8460 сом.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу