Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдорунаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 “Республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы жөнүндө жободо:
– 171-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“171. Кызматтын директорунан жана директордун орун басарларынан башка Кызматтын кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт.
Кызматтын кызматкерлери Кызматтын атайын эсебинде топтолгон акча каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Кызматтын директорунун, директордун орун басарларынын кызматтык маяналары министр тарабынан бекитилет.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесине:
– 6-пунктта “119”, “6906” деген цифралар тиешелүү түрдө “122”, “6903” деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 23-июнундагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүмү жаатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Кызматтын ишин жүзөгө ашырууга чыгымдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана 2023–2024-жылдары жерди инвентаризациялоо боюнча иштерге кеткен чыгымдарды кошпогондо, Кызматтын атайын эсебинин каражаттарынан каржыланат.”.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров