Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 319 “Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоону башкаруунун натыйжалуу механизмин түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн топтолгон каражаттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алыш-бериш эсебине болгон карыздарды эске алуу менен 2023-жылдын 31-декабрына чейин жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарынын чыгымдарынын сметасын жана өздөштүрүүнүн планын киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы № 58 “Эмгекчилердин ден соолугун жакшыртуу фондунун каражаттарын бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров