КР Министрлер Кабинетинин 28.02.24-ж. № 73 тескемеси


Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 13-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:


1. Соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы аймагында колдонулуучу Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул тескемени ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.



Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы  А.У. Жапаров