Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-декабрындагы № 354 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин натыйжалуу ишин уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту тиешелүү функциялары, штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагына;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагынан тиешелүү функциялары, штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагына;
3) “Насостук-күч жабдууларын оңдоо боюнча эксперименталдык завод” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагына;
4) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти тиешелүү функциялары, штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын карамагына.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” мамлекеттик мекемеси болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департамент Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти болуп;
3) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти болуп;
4) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти болуп;
5) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти болуп;
6) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти болуп;
7) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттары департаменти Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын алдындагы “Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошумчалары борбору” мамлекеттик мекемеси болуп;
8) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын алдындагы “Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору” мамлекеттик мекемеси болуп;
9) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту болуп.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы андан жаңы “Гидрологиялык экспедиция” мамлекеттик ишканасын бөлүү жолу менен тиешелүү функциялары, штаттык саны, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен төмөнкүдөй филиалдарды өткөрүп берүү менен кайра уюштурулсун:
– Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын “Ош гидрогеологиялык партиясы” түштүк филиалы;
– Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын “Инженердик гидрогеология” филиалы.
4. Жаңы түзүлгөн “Гидрологиялык экспедиция” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагында деп белгиленсин.
5. “Кыргызсуудолбоор” ачык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине өткөрүп берилсин.
6. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 1, 2-тиркемелерге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 3, 4-тиркемелерге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 5, 6-тиркемелерге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 7, 8-тиркемелерге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 9,
10-тиркемелерге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл-тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 11, 12-тиркемелерге ылайык;
7) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 13, 14-тиркемелерге ылайык;
8) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 15,
16-тиркемелерге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 17, 18-тиркемелерге ылайык;
10) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 19, 20-тиркемелерге ылайык;
11) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту жөнүндө жобо жана башкаруу схемасы 21, 22-тиркемелерге ылайык;
12) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо 23-тиркемеге ылайык;
13) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо 24-тиркемеге ылайык;
14) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “АгроСмарт” санариптештирүү жана маркетинг борбору” мамлекеттик ишканасынын уставы 25-тиркемеге ылайык;
15) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын алдындагы “Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошумчалары борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
26-тиркемеге ылайык;
16) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын алдындагы “Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 27-тиркемеге ылайык;
17) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 28-тиркемеге ылайык.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
– 11-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– суу ресурстары чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргызгидромет менен макулдашылган Кыргызгидрометтин режимдик-маалыматтык гидрологиялык посттору боюнча күндөлүк (оперативдүү) гидрологиялык маалыматты акысыз негизде ыкчам тартипте берет;”.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жободо:
– 1, 9, 10, 11-пункттарда “ирригациялык жана мелиоративдик инфратүзүмдү кошпогондо,”, “жана суу ресурстарын” деген сөздөр алып салынсын;
– 11-пунктта:
1-пунктчада:
он төртүнчү абзацта “экономиканын жана калктын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн”, “жана жер астындагы суу булактарынын” деген сөздөр алып салынсын;
он бешинчи абзацта “, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды” деген сөздөр алып салынсын;
он алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктчада:
жыйырма жетинчи, отуз төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырма сегизинчи абзацта “, анын ичинде суу үчүн акы төлөөнү” деген сөздөр алып салынсын;
отуз үчүнчү абзац “фондун түзөт” жана отуз бешинчи абзац “мамлекеттик балансын жүргүзөт,” деген сөздөрдөн кийин “суу объекттерин, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды кошпогондо,” деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктчада:
төртүнчү абзац “бузуучу заттар,” деген сөздөрдөн кийин “суу объекттерин, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды кошпогондо,” деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзац “айлана-чөйрөнү” деген сөздөрдөн мурда “суу объекттерин, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды кошпогондо,” деген сөздөр менен толукталсын;
жетинчи абзац “айлана-чөйрөнү” деген сөздөрдөн мурда “суу объекттерин, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды кошпогондо,” деген сөздөр менен толукталсын;
он төртүнчү абзац “жаратылыш ресурстарын” деген сөздөрдөн мурда “суу объекттерин, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды кошпогондо,” деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктчада:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана коргоого, анын ичинде жер ресурстарын бузуу, булгоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо;”;
6-пунктчанын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
– 1-пунктта “, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу” деген сөздөр алып салынсын;
– 5-пунктта “жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин” деген сөздөр алып салынсын;
– 9-пунктта “, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну” деген сөздөр алып салынсын;
– 10-пунктта:
экинчи абзацта “, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу” деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзацта “жана ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну” деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы абзацта “жана ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттерин” деген сөздөр алып салынсын;
– 11-пункттун 1-пунктчасында:
онунчу абзацта “, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу” деген сөздөр алып салынсын;
он үчүнчү абзацта “уюштурат жана” деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасындагы “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти” деген позиция алып салынсын.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уставдык капиталдарындагы акциялардын (үлүштүн) мамлекеттик пакети “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилүүчү мамлекеттик ишканалардын (филиалдарынын) – мүлктүк комплекстердин тизмесинде:
– 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
6 | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | 5858 | 950 |
анын ичинде: | |||
борбордук аппараты | 134 | 21 | |
аймактык бөлүмдөрү | 173 | 45 | |
ведомстволук бөлүмдөрү | 5551 | 884 |
”;
– 14, 15-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
14 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | 995 | 282 |
анын ичинде: | |||
борбордук аппараты | 126 | 28 | |
аймактык бөлүмдөрү | 194 | 111 | |
ведомстволук бөлүмдөрү | 675 | 143 | |
15 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | 154 | 6 |
анын ичинде: | |||
борбордук аппараты | 48 | 6 | |
ведомстволук бөлүмдөрү | 106 | – |
”;
– эскертүүнүн 1-пунктунун 31-пунктчасында “Айыл чарба” деген сөздөр “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
– 6-пунктта “4” деген цифра “5” деген цифрага алмаштырылсын;
– эскертүүнүн 1-пунктунда:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору болуп саналат;”;
– 3-пунктчанын үчүнчү абзацында “Айыл чарба” деген сөздөр “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы” деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 39-пунктча менен толукталсын:
“39) суу ресурстары чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ведомстволук бөлүмдүн карамагындагы мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин уставдарын жана жоболорун.”.
13. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө” токтомунун 1, 3, 4-пункттары;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 259 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомунун 1, 2, 4, 5-пункттары;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 82 “Асыл тукум мал чарбасы жана ирригация жаатындагы агрардык илимди өнүктүрүү жөнүндө” токтомунун 2, 3, 4-пункттары;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 4-пунктчасы;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин асыл тукум иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 7-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 458 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин системасынын ведомстволук мамлекеттик ишканаларынын жана мекемелеринин маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомунун 2-пунктунун 2-пунктчасы жана
3-пункту.
14. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
– кайра уюштурулуп жаткан жана өткөрүлүп берилип жаткан юридикалык жактардын бөлүштүрүү балансын жана өткөрүп берүү актыларын бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берсин;
– бир айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана киргизсин;
– бул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрсүн.
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
16. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров