КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 248 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 771 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү маселелерин тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо:

- 23-пунктунун экинчи абзацындагы “же альтернативдик кызматка чакырууда” деген сөздөр алып салынсын;

- 24-пунктунун “б” пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 28-пунктунда:

расмий тилдеги тексттин экинчи абзацындагы “на военную или” деген сөздөр “на военную и” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

үчүнчү абзацындагы “берүү же ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматка чакыруунун” деген сөздөр “берүүнүн” деген сөз менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:

1-пунктунун сегизинчи абзацындагы “же альтернативдик кызматка жарактуулугу жөнүндө токтомду кабыл алууну” деген сөздөр алып салынсын;

12-пунктунун алтынчы абзацындагы экинчи сүйлөм алып салынсын;

29-пунктунун жетинчи абзацындагы “, ал эми I графа боюнча альтернативдик кызматка жарактуу деп табылат” деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган Жобонун 26-тиркемесинин бүткүл тексти боюнча “АК жарамдуу,” деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр М.Д.Абылгазиев