Мамлекеттик менчикти Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,
17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Жалал-Абад облусу, Сузак району, Сузак айылы,
А. Юнусов көчөсү, 242/1 дареги боюнча жайгашкан, аянты 1,72 га жер участогун (идентификациялык номери 3-05-11-1001-7890) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, анын ичинде билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлерине арналган көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
– бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу;
– бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна менчик укугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоо органдарында каттоо.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин