КР Министрлер Кабинетинин 20.03.24 ж. №126 токтому

Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                                                 А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу