КР Министрлер Кабинетинин 26.03.24 ж. №138 токтому

2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү координациялык кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин координациялык кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын соттук экспертиза органдарынын кызматташтыгын координациялоо үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
 Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө билдирүү жиберсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                       А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу