КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 245 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 “Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүү жол-жоболорун өркүндөтүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 “Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибинде:

- 7-пунктунун биринчи абзацында:

“беш” деген сөз “жети” деген сөз менен алмаштырылсын;

“мүчөлөрүнөн -” деген сөздөн кийин “өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын, метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдын адистеринен жана” деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пунктунун 3) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3) билим деңгээлин тастыктаган документ.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                  М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу